Редакцияот 23.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  КЕЗЕКСИЗ III СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 23-апрели № 3/1

 

Эл депутаттарынын Коңорчок айылдык кеңешинин  Президиумунун 27-декабрь 1991-жылдагы № 35 токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Эл депутаттарынын Коңорчок айылдык кеңешинин Президиумунун  27-декабрь 1991-жылдагы №35 токтомуна дыйкан чарбасына ѳткѳрүү  жѳнүндѳгү жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинин 12.02.2026-жылдагы №01-76/28/9 сандуу кѳчүрмѳсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн №1703 №1704 №1705 катар номериндеги аты,атасынын атынын  аталышы боюнча

·        1965-жылы туулган Искендеров Мухамбет-Азим Курманкожоевич–Искендеров М деп

·        1989-жылы туулган Искендерова Айжан Мухамбетазимовна-Искендерова А деп

·        1991-жылы туулган Мухамбет-Азим уулу Айбек-Искендеров А деп

аттары толук жазылбай туура эмес кѳрсѳтүлгѳн, атасынын аты,ѳзүнүн атына деген сѳздѳргѳ  толуктоо киргизилип толукталсын.

2. Эл депутаттарынын Коңорчок айылдык кеңешинин Президиумунун  27-декабрь 1991-жылдагы №35 токтомуна дыйкан чарба мүчѳлѳрүнүн атасынын атынын жана ѳзүнүн атынын аталышына ѳзгѳртүү толуктоо киргизилип толукталсын.

3. Токтомдун аткаруу ѳзгѳртүү киргизүү  жагын Ала-Буга айылдык кеңешинин катчысы Р.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

Бактыбай уулу Кубанычбек