Редакцияот 18.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  V СЕССИЯСЫНЫН II КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 18-майы  № 5

 

Ак-Муз  айылындагы Ак-Муз өнүгүү  Муниципалдык Ишканасынын  үрөн сактоочу кампанын кызмат көргөзүү тарифтерин жана иштөө тартибин бекитүү жөнүндө

 

   X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 5-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып  Токтом кылат:

1.Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Муз айылындагы үрөн сактоочу кампада, эгиндерди тазалоо, эгин сактоо жана эгиндерди майдалоо (дробилка ) кызмат көргөзүү тарифтери жана иштөө тартиби ;

 

       - Эгиндерди тазалоо (арпа,сулуу ж.б.)1 кг – 1,80 сом.

       - Адыратма тартуу 1 кг – 2 сом.

       - Эгин сактоо 1 кг – 1 сом.

 

2. Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Муз айылындагы үрөн сактоочу , кампаны жеке жарандарга иштетүү үчүн 50гө-50%менен 3 тараптуу келишимдин негизинде өткөрүп берүү жана электр энергиясын дагы жеке жарандарга иштетүү үчүн  50-50% менен төлөө менен милдеттендирилсин .

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине   милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

 

Төрага

Ж. Кайыпов