Редакцияот 08.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  IV СЕССИЯСЫНЫН III КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 8-апрели   № 3

Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставын  бекитүү  жөнүндө

 

   X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып  Токтом кылат:

 

1.            Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттардын уставтарын, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын  Министирлер Кабинетине караштуу  мамлекеттик кызмат жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 12-пунктун жетекчиликке алып. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставынын  жобосу алымча-кошумчасы менен бекитип бергенге макулдук берилсин .

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине  милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Досоевага тапшырылсын жана өзүмө калтырам.

 

 

 

 

  

 

Төрага

Ж. Кайыпов