Редакцияот 08.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  IV СЕССИЯСЫНЫН III КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 8-апрели   № 4

Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Муз, Ак-Моюн жана Бирлик айыл элдеринин курулуш иштерине шагыл, топурак алуу  үчүн макулдук берүү  жөнүндө

 

   X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып  Токтом кылат:

 

1.Бирлик айылынын эли үчүн  Бирлик, Ак-Моюн жолунун жээгиндеги № 1198-контурда жайгашкан эски карьердин ордунан шагыл, топурак алганга макулдук берилсин .

2. Ак-Моюн айылынын эли үчүн  Ак-Моюн айылындагы Боронду участкасынан № 493-414-контурда жайгашкан эски карьердин ордунан шагыл, топурак алганга макулдук берилсин.

3. Ат-Башы-Кында унаа жолунун боюндагы, Ак-Муз айылдарынын күн чыгышындагы  № 847 контурда жайгашкан 1,6 га жер аянтынын ичинен 0,4 га жер аянтына кум-шагыл алууга, Булак аймагындагы №364-контурунда жайгашкан 1.2 га жер аянтынын ичинен 0.40 га жерден топурак алуу үчүн  макулдук берилсин .

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине  милдеттендирилсин.

 

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынна жана өзүмө калтырам.

 

 

 

 

Төрага

Ж. Кайыпов