Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-июну № 553-VIII
«2026-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык
инвестициялар банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну
(«Кыргыз Республикасында кичи-, чакан жана орто ишканалар
үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү» долбоору)
ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 21-майындагы чыг. № 18-6389) «2026-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Кыргыз Республикасында кичи-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү» долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жогоруда аталган мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 15-июнунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7885 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.А. Маматалиев |