Редакцияот 18.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

 

2026-жылы 18-майы № 01-15/11

  Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө                                                                                                                                                  

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренесини жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер  жөнүндө кодексинин  74,75,76 беренелеринин негизинде  жана экономика  бюджет боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун ылайык , Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн алдындагы Таян тазалык муниципалдык ишканасынын башчысы Б.Закировтун баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып, Алтын-Бешик айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XIX сессиясы токтом кылат.

  1. Тиричилик таштандыларын ташып чыгуу үчүн   тарифтер

-1 айга бир адамга  15  (он беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.

-ишканалар үчүн   1 чарчы метрине   5 (беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.

-коммерциялык обьектер үчүн 1 чарчы метрине 15 (он беш )

сом өлчөмүндө бекитилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милденттендирилсин.
  2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын юстиция  Министрлигинин  Баткен облустук  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик     реестрине  киргизилген күндөн тартып,күчүнө кирет.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин  экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына       жүктөлсүн.

 

Төрайым:

 А. Матраимова