Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-июну № 554-VIII
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылдагы
иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын
төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматовдун отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2025-жылга жүргүзүлгөн аудитордук иш-чаралардын натыйжасында аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча толук чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарынын, сунуштамаларынын жана сунуштарынын аткарылышын талаптагыдай контролдоону камсыз кылсын;
- мамлекеттик финансыны жана мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудитордук иш-чаралардын сапатын жогорулатуу жана тышкы мамлекеттик аудитти өркүндөтүү боюнча иштерди улантсын;
- бюджеттик мыйзамдарды сактоо, мамлекеттик финансыны, мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу маселелерине өзгөчө көңүл бурсун;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарынын, сунуштамаларынын жана сунуштарынын аткарылышын котролдоону күчөтсүн, ошондой эле аныкталган бузуулардын жана кемчиликтердин жоюулушуна мониторинг жүргүзсүн;
- табылган финансылык бузуулардын натыйжасында жоготулган каражаттардын ордун республикалык бюджетке толук толтуруп берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- бюджеттин кирешелерин көбөйтүү резервдерин аныктоо боюнча, анын ичинде салыктык башкаруу, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана мамлекеттик активдерди пайдалануу чөйрөлөрүндөгү иштерди күчөтсүн;
- республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүүдө капиталдык салымдарды пайдалануунун, мамлекеттик инвестицияларды ишке ашыруунун жана мамлекеттик карызды башкаруунун натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзсүн;
- аудиттин материалдарын кароодо Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ишин күчөтсүн;
- жазма буйруктардын аткарылышынын деңгээлинин төмөн болгон себептерине талдоо жүргүзсүн жана аудитордук иш-чаралардын жыйынтыктарын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кошумча чараларды көрсүн;
- аудитордук ишти санариптештирүү процесстерин өркүндөтүү боюнча иштерди улантсын;
- 2026-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021–2024-жылдардагы иши жөнүндө отчеттору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы тууралуу актуалдуу маалыматты, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарынын, сунуштамаларынын жана сунуштарынын аткарылышы, ошондой эле аудитордук иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча республикалык бюджетке орду толтурулган жана кайтарылган каражаттардын суммасы жөнүндө маалыматты берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2021–2024-жылдарга жүргүзүлгөн аудитордук иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жиберилген аудиттер материалын кароо жөнүндө, ошондой эле аныкталган финансылык бузуулар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана мамлекетке каражаттарды кайтарып берүү боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу 2026-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 15-июнунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7886 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын орун басары | Ж. Таалайбек кызы |