КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылы 28-апрели № 4
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылын органикалык аймакка өткөрүү жөнүндө.
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылында органикалык айыл чарбасын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза азыктарды өндүрүүгө шарт түзүп, өндүрүлгөн азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында, айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуукомиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылы “Зардалы экономикалык аймагы болуп түзүлсүн.
- Органикалык аймакта айыл чарба технологияларын жайылтуу, биопрепараттарды, этномофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, кайра иштетүү, тангактоо, сактоо, сатуу стандарттары, жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу, чарбалык иштерди жандандыруу максатында инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А.Дилшатов |