Редакцияот 28.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2026-жылы 28-апрели № 5

 Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын Топкана участкасындагы 1,10га жер аянтын трансформациялоо жөнүндө.

        

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры №665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын негизинде, айылдык кенештин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын Топкана участкасындагы 1,10 га жер аянты кчи футбол аянтчасын куруу жана социалдык обьект куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
  1. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын

 

 

 

Төрага:

 

А.Дилшатов