КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылы 28-апрели № 6
Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр жана Кызыл-Бел айылындагы сугат суу каналдарын Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын эсебине өтөрүү жөнүндө.
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренсине ылайык “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, айылдык кеңештин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
- Алты-Адыр айылындагы 7,5 км Р-4 жана Кызыл-Бел айылындагы 8,5 км Р-5 каналдарды жана Кара-Бак айыл аймагындагы ички чарбалык каналдарды коргоо зонасы сакталуу менен Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын эсебине өтөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А.Дилшатов |