Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-июну № 392
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 29-июлундагы № 418 «Мамлекеттик жогорку
окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин дайындоо тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарды системалаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттун 3-пунктчасындагы «жана наамы» деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пункттун биринчи абзацындагы «ички иштер» деген сөздөр «саламаттык сактоо, ички иштер» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктта «жана окумуштуулук наамы» деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарда:
- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Мамлекеттик, анын ичинде «улуттук» статусу бар жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна (маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордун кошпогондо) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- жогорку кесиптик билиминин болушу;
- илимдин кандидаты же PhD доктору окумуштуулук даражасынын болушу;
- 5 жылдан кем эмес илимий же педагогикалык иш стажы.
5. Маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен, анын ичинде «улуттук» статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- жогорку кесиптик билиминин болушу;
- илимдин кандидаты же PhD доктору окумуштуулук даражасынын же Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство жаатындагы ардак наамынын болушу;
- 5 жылдан кем эмес илимий же педагогикалык иш стажы.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 41 (3801) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |