Редакцияот 28.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2026-жылы 28-апрели № 7

 Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылындагы 0,07 га жер тилкесин айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу  жөнүндө.

      

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренсине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом  кылат:

 

  1. Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылындагы Достук көчөсүндө жайгашкан №26 дарегиндеги 0,07 га жер тилкесин ФАП куруу максатында Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага:

 

А.Дилшатов