Редакцияот 28.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2026-жылы 28-апрели № 13

 Жер аянттарынын багытын которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-бөлүмүнүн 12-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап  Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айылынын тургуну Абдылдаев Асомидин Акматалиевичтин 8-01-09-1001-2255 идентификациялык кодундагы  500 м кв жер аянтын  коммерциялык багытына которууга макулдук берилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага:

 

А.Дилшатов