КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-майы № 370
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шайлоо процесстеринин маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу, программалык-аппараттык каражаттарга жана системаларга санкциясыз кирүүнү болтурбоо, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын функцияларын натыйжалуу ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 «Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:«2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырган башка мамлекеттик органдар жана юридикалык жактар мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн ички эрежелерин ушул токтом менен бекитилген Тартипке ылайык иштеп чыксын.».2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 «Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна тɵмɵнкүдɵй ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин:1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегинде:– тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:
«161. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.»;
– 191-пунктта «Финансы министрлигине» деген сөздөр «Министрлер Кабинетине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегинде:
– таблица тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 512-пункт менен толукталсын:
«
512 | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын серверинин техникалык мүнөздөмөлөрү, архитектурасы, эсептөө кубаттуулуктары жана башка параметрлери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле шайлоо жабдуулары жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү үчүн пайдаланылуучу программалык-аппараттык комплекстер, маалыматтар базалары, тармактык инфраструктура жана киберкоопсуздук системалары жөнүндө маалыматтар | БШК |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Тɵрагасы А.А. Касымалиев