Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-июну № 563-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын
11-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 11-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө», «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 109-VIII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
«Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызмат ордуна А.Д. Рысбековду дайындоого макулдук берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«Ж.С. Жоробаевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«М.И. Усаровду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 16-июнунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7895 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.А. Маматалиев |