ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-февралы № 15/4
“Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу”
жана «Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамдарды ыйгаруу жана Ардак Грамотасы менен сыйлоо тууралуу” Жоболор жөнүндө
“Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу” жана «Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамдарды ыйгаруу жана Ардак Грамотасы менен сыйлоо тууралуу” Жоболорго толуктоо жана өзгөртүү туралуу маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.“Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу” Жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.«Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамдарды ыйгаруу жана Ардак Грамотасы менен сыйлоо тууралуу” Жобо №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Р.Жолдошбеков |
Ормон-Хан айылдык кенешинин 27.02.2026-жылдагы №15/4 Токтомуна №1 тиркеме
Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу
Жобо
I.Жалпы жоболор
1.1 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндө Жобо “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын берүүнүн тартибин аныктайт.
1.2 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу төмөнкү жол-жоболордун тутумун камтыйт:
-наамды ыйгаруунун шарттары
-талапкерлерге коюлуучу талаптар
-талапкерлерди сунуштоо тартиби
“Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамынын ээсине берилүүчү өзгөчө укуктар
1.3 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эн жогорку наамы болуп саналат.
II. “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун шарттары
2.1 «Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына талапкерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айылдык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук-саясий уюмдар сунуштайт.
2.2 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталган талапкерлердин документтери айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынып, аны айылдык кеңештин “Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук” боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясынын кароосуна жөнөтөт.
2.3 Айылдык Кенештин алдындагы ”Регламент, депутаттык этика мандат, укук жана мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын укуктук мыйзамдарынын жана ушул жобонун негизинде жүргүзүп, “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына ушул жобонун 3/2 бөлүгүнө жооп берген талапкерлерди айылдык кеңештин сессиясына сунуштайт. Ардактуу атуулу наамын депутаттардын макулдугу жана ачык добуш берүү менен жүргүзүлөт.
2.4 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттардын кароосуна коюлуп, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгондон кийин, “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы берилет.
2.5 Ормон-Хан айылдык кеңештин сессиясында, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына өтпөй калган талапкер учурдагы чакырылыштагы депутаттардын кароосуна кайра сунушталбайт.
2.6 “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жылына эки жолу, 21-март Нооруз жаз майрамына карата 10 адамга (бир айылдан бир адам, Кочкор айылынан эки адам) жана 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 10 адамга (бир айылдан бир адам, Кочкор айылынан эки адам), Айылдык кенешке 2 жолу катары менен депутат болуп шайланган 2 адамга, жалпы жылына 24 адамга чейин ыйгаруулуга тийиш жана Ормон-Хан айылдык кеңешинин төрагасына өзгөчө учур катары 5 адамга аталган наамды ыйгарууга укук берилет.
2.7 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” күбөлүгү айылдык кеңештин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Ормон-Хан айылдык кенешинин 27.02.2026-жылдагы №15/4 Токтомуна №1 тиркеме
III. “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлгөндөргө коюлуучу талаптар
3.1 “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы Ормон-Хан айыл аймагында 15 жылдан кем эмес жашап жана иштеген, айыл үчүн өзгөчө эмгек синирген жергиликтүү жааматтын мүчөсү, тиешелүү тармакта үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн сыйлоого татыктуу болгон жаран алышы мүмкүн.
3.2 “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы, бүтүндөй айылдын экономикалык-социалдык, маданий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон атуулга ыйгарылат:
-Мурдагы СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Ормон-Хан айыл аймагынын айылдарынын өнүгүсүнө салым кошкондорго;
-өзүнүн иштеген милдеттерин жана эл тарабынан жүктөлгөн милдеттерин аткарууда жогорку жоопкерчилик менен мамиле жазагандарга;
-өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо өзгөчө натыйжаларга жетишкендерге;
-спорт тармагында өзгөчө натыйжага жетишен спортсмендерге жана тренерлерге;
-калктын саламаттыгын сактоо тармагында көп жыл эмгектенип, өзгөчө натыйжаларды камсыз кылгандарга;
-коомдук тартипти чындоодо өзүнүн жеке катышуусу менен өзгөчө салымын кошкондорго;
-айылдын коомдук-маданий жана элдик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өзгөчө жеке салымын кошкондорго;
-жогоруда саналган көрсөткүчтөр менен катар жергиликтүү коомдук пайдалуу эмгекте активдүү катышууда жана кайрымдуулук иштеринде өзүн көрсөткөн, жеке жана үй-бүлөөдө, үйдө жана чарбачылыкты үлгү болоорлук денгээлде күтө билген, жүрүш-турушу менен таанылган, коомго зарыл болгон өзгөчө тейлөөдө кызматтарын көрсөткөндөргө;
-сот жообуна тартылбаган жана соттуулудугу алынган атуулдардарга;
-Айылдык кенешке 2 жолу катары менен депутат болуп шайлангандардарга.
3.3 Айылдык кенештин чечими менен “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жашына жана стажына карабастан эмгектеги коомдук турмуштагы өзгөчө каармандык иштери үчүн жергиликтүү жааматтардын мүчөлөрүнө, ошондой эле айылдын экономикасын, маданиятын, социалдык турмушун өнүктүрүүдө жана жаштарды тарбиялоодо өзгөчө эмгек синирип, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге берилиши мүмкүн.
3.4 Айылга керектүү социалдык курулуштарды куруп жана жумушчу орундарын түзгөн, эл керектөөчү товарларды чыгарган, чет элдик инвестицияларды тартып, айылдын социалдык-экономикалдык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон жеке ишкерлерге, бизнесмендерге, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө берилиши мүмкүн.
3.5 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы айыл аймагында төрөлүп, Кыргызстандын атуулу болгон, жүйолүү себептер менен айыл аймагынан сыткары жерде жашап, бирок айыл аймактын социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүгүшүнө жеке өзүнүн көрүнүктүү салымын кошкон инсандарга берүүгө болот.
3.6 Төмөндөгү наамдары бар инсандарга артыкчылык берилет:
- Ата Мекендик согуштун ардагерлерине
- Интернационалдык милдеттерди (Афганчылар,Чернобычылар) аткарып сыйлыкка ээ болгондорго;
Ормон-Хан айылдык кенешинин 27.02.2026-жылдагы №15/4 Токтомуна №1 тиркеме
- Мурдагы СССРдин учурундагы жана азыркы мезгилдеги синирген эмгектери үчүн ордендердин жана медалдардын ээлерине;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын ээлерине;
- Кыргыз Республикасынын эмгек синирген ишмерлерге;
- Көрүнүктүү илимий даражалуу окумуштууларга;
- Мурдагы СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин депутаттарына;
-Ормон-Хан айыл аймагынын өсүп өнүгүшүнө салым кошкондорго.
3.7 “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына талапкерлер төмөнкү официалдуу документтерди даярдайт:
Талапкерлерди наамга көрсөткөн мекеменин жана жаматтын, саясий уюмдун, ишкананын сунушу, кайрылуусу (эгерде иштебесе айыл жамаатынын протоколу) ;
Өздүк баракчасы, сүрөтү менен;
Талапкердин өмүр баяны;
Мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөлөрү (эгерде болсо) ;
Республикага, облуска, айылга жана өзү жашаган аймака синирген өзгөчө эмгектери тууралуу тастыктаган маалыматтар жана справкалар;
3х4 формасындагы 2 даана сүрөт;
Паспортун көчүрмөсү;
Соттолбогондугу тууралуу маалымдама.
IV “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына ээ болгон инсандардын өзгөчө укуктары
4.1 Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына ээ болгон инсандар укукту:
Айылда өткөрүлгөн чогулуштарга ардактуу мейман катары катышууга;
Айылдын аймагындагы муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүүгө жана муниципалдык унаа токтотуучу жайлар менен акысыз пайдаланууга ;
Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кезексиз кабыл алынууга.
Ормон-Хан айылдык кенешинин 27.02.2026-жылдагы №15/4 Токтомуна №2 тиркеме
Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамдарды ыйгаруу жана Ардак Грамотасы менен сыйлоо тууралу
ЖОБО
- Жалпы жобо.
1. Ормон-Хан айыл аймагынын социалдык жана чарбалык тармактардын өнүгүүсүнө өз ишмердүүлүгүн арнаган, коомчулуктун алдында жасаганжарандардын татыктуу кызматын баалоо максатында “ Ормон-Хан айыл аймагынын Билим берүүнүн мыкты кызматкери жана тарбиячысы”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Мыкты муниципалдык кызматкери”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Мыкты энергетиги”, “Ормон-Хан айыл аймагынын Коммуналдык чарбанын мыкты кызматкери”, “Ормон-Хан айыл аймагынын Маданият тармагынын мыкты кызматкери”, “Ажарлуу айым”, “Мыкты мырза” тармактык наамдар жана “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардак Грамотасы” уюштуруулат.
2. «Ормон-Хан айыл аймагынын Билим берүүнүн мыкты кызматкери жана тарбиячысы”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Мыкты муниципалдык кызматкери”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Мыкты энергетиги”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Коммуналдык чарбанын мыкты кызматкери”, “Ажарлуу айым”, “Мыкты мырза” тармактык наамдар жана “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардак Грамотасы” Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши жана Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан атуулдарга жана жеке чет өлкөлүк жарандарга ыйгарылат жана кайтарылып алынбайт.
3. «Ормон-Хан айыл аймагынын Билим берүүнүн мыкты кызматкери жана тарбиячысы”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Мыкты муниципалдык кызматкери”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Мыкты энергетиги”, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Коммуналдык чарбанын мыкты кызматкери”, “Ажарлуу айым”, “Мыкты мырза” тармактык наамдарга татыктуу инсанга тиешелүүгүнө жараша төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылат.
4. “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардак Грамотасы” менен сыйланган жарандарга белгиленген тартипте даярдалган Ардак Грамотасы тапшырылат.
2. Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамдарды жана Ардак Грамотасын ыйгаруунун негизи жана тартиптери.
1 Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамдарды ыйгарууга жана Ардак Грамотасы менен сыйлоого негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- тиешелүү тармакта үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн сыйлоого татыктуу болуу
- тиешелүү тармакта көп жылдык үзүрлүү ишмердүүлүк
- Ормон-Хан айыл аймагынын жашоочулары үчүн жасалган иш-аракеттер
- мамлекеттик, муниципиалдык, саясий, илимий, маданий, айыл-чарба жана коомдук тармактарда жакшы жыйынтыктар
-тиешелүү тармакта эмгектенген учурда тармактык Ардак Грамоталарына татыктуу болуу жана аталган Ардак Грамотаны алгандан кийн 1 жыл өтүш керек
- чет өлкөнүн жарандары үчүн: меценаттык иш чараларды уюштуруу, аймактын элине туруктуу кайрымдуулук кылуу
2. Эл арасында кеңири таанымал болгон, жемиштүү эмгектенген, мекемелерде 5 жылдан кем эмес иштеген, айыл аймактын билим берүү жана/же саламаттык сактоо, өз
Ормон-Хан айылдык кенешинин 27.02.2026-жылдагы №15/4 Токтомуна №2 тиркеме
алдынча башкаруу, энергетика, комуналдык чарба тармагын өнүктүрүүгө, жаштарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн тиешелүүгүнө жараша наам ыйгарылат.
3. Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамын ыйгарууга Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтү, ошондой эле мекеме-ишканалардын, коомдук бирикмелер кайрылуу түрүндө сунуш киргизе алат.
Сунушка тиркелүүчү документтер:
Тишелүү сунуш
Өмүр баян
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү
Жашаган жеринен аныктама
Эгерде иштеген болсо эмгек жамаатынан протоколу
Эгерде иштебесе айыл жамаатынын протоколу
Паспортунун көчүрмөсү
Республикалык деңгээлдеги наамдар, сыйлыктар, КРнын же Өкмөттүн Ардак грамоталарынын көчүрмөлөрү.
Соттолбогондугу жөнүндө тактама
4. Ормон-Хан айыл аймагынын Ардак Грамотасы менен сыйлоо тууралуу сунушту Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтү, ошондой эле мекеме-ишканалардын, коомдук бирикмелер кайрылуу түрүндө киргизе алат.
Сунушка тиркелүүчү документтер:
Тишелүү сунуш
Эмгек жамаатынан протоколунун көчүрмөсү
Эгерде иштебесе айыл жамаатынын протоколу
Паспортунун көчүрмөсү
5. Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамын ыйгаруу жана Ардак Грамота менен сыйлоо жөнүндөгү сунуш Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешине жекече тартипте киргизилип, ар бир талапкер өзүнчө каралат.
6. Тармактык наамды ыйгаруу боюнча чечим Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн ачык добуш берүүнүн негизинде кабыл алынат жана Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кенешинин токтому менен бекитилет.
7. Тармактык наам кесиптик майрамдарга карата билим берүүнүн тармагындагы мекеменин кызматкерлеринин саны 50гө чейин болсо 1, 50-100 чейин кызматкерлери барлар 2, 100дөн ашуун 3, медицина тармагына 10, энергетика тармагына 3, коммуналдык тармакка 3, муниципалдык кызматкерлерге 1, калган тармактарга 2ден кызматкерге Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясында ыйгарылат жана Ормон-Хан айылдык кеңешинин төрагасына өзгөчө учур катары 5 адамга аталган наамды ыйгарууга укук берилет.
8. Ормон-Хан айыл аймагынын Ардак Грамотасы Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасы жана Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан биргелешкен буйруктун негизинде тапшырылат.
3. Документтерди кабыл алуу
1. Наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды Кенеш кабыл алат. Кабыл алынган документтерди төрага аныктаган туруктуу комиссиясы карап чыгат жана буга байланыштуу материалдарды жана документтерди иликтейт, наамга көрсөтүлгөн
Ормон-Хан айылдык кенешинин 27.02.2026-жылдагы №15/4 Токтомуна №2 тиркеме
талапкерлер жөнүндө маалыматтарды керек учурда кошумча суроо жүргүзөт жана көрсөтүлгөн талапкерлерге ыйгаруу, же болбосо талапкерликти четке кагуу жөнүндөгү сунушту Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешине кароого даярдоо чечимин кабыл алат.
4. Ормон-Хан айыл аймагынын наамдарды жана Ардак Грамотасын тапшыруу
1Тиешелүү күбөлүктөргө Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы тарабынан кол коюлат жана мөөр басылат.
2. Ардак Грамотага Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы жана Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кол коюлат жана мөөр басылат.
3. Тармактык наамыга татыган инсанга Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасы жана Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы тарабынан төш белгиси жана күбөлүгү салтанаттуу түрдө кенештин сессиясында жана салтанаттуу иш чараларада тапшырылат.
4. Ардак Грамотасы сыйлоого татыган инсанга Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасы жана Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы тарабынан Ардак Грамота салтанаттуу түрдө тапшырылат.
5. Ормон-Хан айыл аймагынын тиешелүү наамын алгандар атайын уюштурулган китебинде катталат жана айылдык кенешинде сакталат.