Редакцияот 27.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 27-февралы   № 15/11

 

«Тогуз -Булак» мал базарда малдан жана унаадан алынуучу тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

«Тогуз-Булак» мал базарда малдан жана унаадан алынуучу тарифтерди бекитүү туралуу «Тогуз-Булак соода-транспорттук логистикалык комплекс» муниципалдык ишканасынын директорунун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Мал базарда мал ээлеринен, соода кылгандардан, унаалардан алынып жаткан акча каражаттарынын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 

Кой, эчки-20 сом бир башка

Торпок, уй, жылкы, тай-40 сом бир башка

Жүк ташуучу авто унаа-100 сом бир унаа

Женил авто унаа-30 сом бир унаа

Малды түшүрбөй кой эчки саткан жайга кирген жүк ташуучу авто унаа-500 сом бир унаа

Малды түшүрбөй кой эчки саткан жайга кирген женил авто унаа-200 сом бир унаа

Соода орундар үчүн (жайма базар)-150 сом бир орунга

Даараткана- 10 сом

 

2.Токтомду аткарууда  тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы «Тогуз Булак» мал базардын директоруна милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

Р.Жолдошбеков