Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 202 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары
менен сыйлоонун жана ардак наамдарын
ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жободо сыйлоо материалдарын тариздөө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуштоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарынын төш белгилерин тапшыруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына карата белгилердин жана документтердин дубликаттарын берүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби каралган.
2-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарын ыйгарууга сунуш киргизүү укугуна ээ субъекттер
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына көрсөтүү сунуштары ушул Жобонун 21, 22-пункттарында көрсөтүлгөн зарыл документтер таризделгенден кийин расмий бланкта Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга сунуш киргизүү укугуна ээ болгон төмөнкү ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан киргизилет (мындан ары – ыйгарым укуктуу субъект):
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери, парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;
5) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү;
7) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдардын жетекчилери;
8) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
9) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
10) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
12) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
13) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;
14) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
16) Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана мамлекеттик комитет аркылуу киргизет.
4. Сунуштарга мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колу коюлат, алар жок болгон учурда – жетекчинин милдеттерин аткаруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү тиркелип, орун басарларынын колу коюлат.
3-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуштоо тартиби
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтөр ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, айыл өкмөттөрү, райондук же облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору боюнча муниципалдык администрациялары, ошондой эле ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан демилгеленет.
6. Бишкек жана Ош шаарларынын чектеринен тышкары жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, айыл өкмөттөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтөт, алар материалдарды карап чыккандан кийин ыйгарым укуктуу субъекттердин дарегине жөнөтөт.
7. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары сыйлоо материалдарын ыйгарым укуктуу субъекттердин кароосуна жөнөтөт.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү өз алдынча демилгелей алат.
9. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтү демилгелөө тартиби Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан аныкталат.
10. Чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды сыйлоого сунуштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан киргизилет.
11. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын жана административдик-аймактык бирдиктерин сыйлоого сунуштар жалпы негиздерде ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан киргизилет.
12. Талапкердин статусу өзгөргөндө (ишинен бошосо, башка ишке которулса, тартиптик жаза колдонулса, кылмыш иши козголсо, жарандыгын өзгөртсө, каза болсо), аны сунуш кылган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар маселелерин караган түзүмдүк бөлүмү (мындан ары – ыйгарым укуктуу бөлүм) тарабынан аныкталган мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
13. Сыйлоо материалдары ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан «Сыйлык» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – «Сыйлык» АМС) аркылуу электрондук түрдө берилет.
«Сыйлык» АМСнын иштөө жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.
14. Мамлекеттик сырларды камтыган сыйлоо материалдары кагаз жүзүндө гриф менен белгиленген тартипте киргизилет.
15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамын ыйгарууга сунуш кылынган ар бир талапкерге «Сыйлык» АМСда белгиленген формага ылайык сыйлоо барагы толтурулат.
16. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн юридикалык жакка же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигине «Сыйлык» АМСда белгиленген формага ылайык сыйлоо барагы толтурулат.
17. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамын ыйгарууга гриф менен сунуш кылынган талапкерге ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык сыйлоо барагы толтурулат.
18. Сыйлоо барагында сыйлануучунун инсандык сапатын мүнөздөгөн анык маалыматтар, анын эмгек иши, жалпы иш стажы, мамлекетке жана коомго сиңирген эмгеги жана/же тиешелүү тармакты же иш чөйрөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы (мындан ары – сиңирген эмгеги жана/же салымы) камтылат, ошондой эле ал сунушталган мамлекеттик сыйлык же ардак наам көрсөтүлөт. Жогоруда белгиленген бардык графалар так толтурулууга тийиш.
19. Жеке жактардын жеке маалыматтары паспортунун маалыматтарынын, юридикалык жактардын маалыматтары – мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн негизинде толтурулууга тийиш.
20. Сунушталган талапкерлердин сиңирген эмгегин жана/же салымын ар тараптуу кароо максатында сыйлоо материалдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга (мындан ары – Сыйлыктар боюнча комиссия) киргизилгенге чейин ыйгарым укуктуу субъекттерде түзүлгөн эксперттик комиссиялар тарабынан каралат.
Эксперттик комиссиялардын ишин уюштуруу тартиби ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан аныкталат.
Эксперттик комиссия – келип түшкөн сыйлоо материалдарын карап чыгып, конкреттүү сиңирген эмгегине жана/же салымына баа берүү менен корутунду чыгаруучу жана андан ары Сыйлыктар боюнча комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү сунуш киргизүүчү белгилүү чөйрөдө атайын билими жана тиешелүү тажрыйбасы бар эксперттердин (анын ичинде көз карандысыз эксперттердин) тобу.
Эксперттик комиссия тарабынан оң сунуштама чыгарылган учурда ыйгарым укуктуу субъекттер сыйлоо материалдарын чогултууну, комплекттөөнү жана ыйгарым укуктуу бөлүмдүн дарегине белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат.
21. Жеке жактар үчүн туура таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуш;
2) сыйлоо барагы;
3) тиешелүү корутундуну тиркөө менен эксперттик комиссиянын протоколунан көчүрмө;
4) паспортунун, эмгек китепчесинин жана билими тууралуу дипломдорунун талапкердин иштеген жеринин же ыйгарым укуктуу субъекттин кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
5) соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;
6) мамлекеттик же муниципалдык кызматчы, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкери болуп саналган талапкерлерге карата өтүнүч берген уюмдан тартиптик жазанын жоктугу жөнүндө маалымкат;
7) талапкердин сиңирген эмгегин жана/же салымын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (аткарылган долбоорлор, иштеп чыгуулар, ишке киргизүүлөр жөнүндө отчеттор, жетишкендиктер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолор, сунуш каттар, патенттер, ойлоп табуулар жөнүндө күбөлүктөр, илимий иштердин, диссертациялардын тизмеси, окумуштуулук даражасын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, сертификаттардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына таандык документтердин көчүрмөлөрү ж.б.).
22. Юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери үчүн туура таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуш;
2) сыйлоо барагы;
3) юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин уставынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) тиешелүү корутундуну тиркөө менен эксперттик комиссиянын жыйналышынын протоколунан көчүрмө.
23. Талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөн учурда ырастоочу документти – фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү же болбосо фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндүгү жөнүндө актынын жазуусунан көчүрмөнү тиркөө зарыл.
24. «Сыйлык» АМСда жеткиликтүү болгон документтер жана маалымкаттар кагаз түрүндө же башка түрдө берилүүгө тийиш эмес.
25. Сыйлоо материалдары ыйгарым укуктуу бөлүмгө Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими менен белгиленген мөөнөттөрдө «Сыйлык» АМС аркылуу жөнөтүлөт.
Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин «Сыйлык» АМС сыйлоо материалдарын кабыл алууну токтотот.
26. Ыйгарым укуктуу субъекттерден ыйгарым укуктуу бөлүмгө жөнөтүлүүчү сыйлоо материалдарынын саны Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими менен аныкталат.
27. Оңдоолору бар, туура эмес таризделген сыйлоо материалдары жана документтердин окууга мүмкүн болбогон көчүрмөлөрү, ошондой эле талапкердин конкреттүү сиңирген эмгеги жана/же салымы чагылдырбаган сыйлоо барагы каралбастан ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан жеткире иштеп чыгуу үчүн ыйгарым укуктуу субъектке кайтарып берилет.
28. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого жана ардак наамын ыйгарууга сыйлоо материалдарында так эмес маалыматтарды берүүгө жана негизсиз сунуштоого жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
29. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу сиңирген эмгеги жана/же салымы үчүн жүргүзүлөт, эмгек стажы сыйлоо жана наам ыйгаруу үчүн негиз болуп саналбайт.
30. Эки жана андан ашык ыйгарым укуктуу субъекттен бир эле талапкерди сунуштоого жол берилбейт. Ыйгарым укуктуу субъект талапкерди сунуштаган учурда талапкер акыркы эки жыл ичинде башка ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан сыйлыкка сунушталбаганын аныктоо зарыл.
31. Ушул Жобонун 21, 22, 45-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоо, ардак наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч демилгеленген учурдан тартып бир жыл өткөндөн кийин аяктайт.
32. Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечимдерине байланышкан даттануулар, арыздар, кайрылуулар жана суроо-талаптар каралбайт.
33. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйланган адамдардын сыйлоо материалдарынын көчүрмөлөрү укук коргоо жана сот органдарынын сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы суроо-талабы боюнча гана берилиши мүмкүн.
34. Сыйлыктар боюнча комиссия тарабынан сыйлоонун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынган адамга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого жана ардак наамын ыйгарууга Сыйлыктар боюнча комиссия аталган чечимди кабыл алган күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин кайрадан сунуштоого болот.
4-глава. «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоого сунуштоо тартиби жана сыйлоо материалдарын тариздөөгө талаптар
35. «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоого сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери тарабынан ушул Жобонун 45-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер таризделгенден кийин расмий бланкта киргизилет.
36. «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр айыл өкмөттөрү, райондук жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары, Ош шаарынын мэриясы (мындан ары – өтүнүч берүүчү орган) тарабынан демилгеленет.
37. Айыл өкмөттөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтөт, алар сыйлоо жөнүндө документтерди карайт жана андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн дарегине жөнөтөт.
38. Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн дарегине жөнөтөт.
39. Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары сыйлоо материалдарын Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтөт.
40. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган көп балалуу энелерди сунуштоо Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине киргизилет.
41. Жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялык мекемелерде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдарды «Эне даңкы» медалы менен сыйлоого сунуштоо иштеген жери боюнча демилгеленет, ал андан ары ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан ыйгарым укуктуу бөлүмдүн дарегине жөнөтүлөт.
42. Өтүнүч берүүчү орган көп балалуу энелерге мониторинг жүргүзөт жана ушул главада көрсөтүлгөн документтер бар болгон учурда сыйлоого мыйзамдуу негиздер пайда болгон күндөн тартып 3 айдын ичинде «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоого өтүнүчтөрдү демилгелейт.
«Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоого көп балалуу эне тарабынан керектүү документтер берилбеген учурда себебин көрсөтүү менен баш тартуу жөнүндө акт түзүлөт.
Актыга көп балалуу эне, өтүнүч берүүчү органдын жетекчиси жана жооптуу кызматкери кол коюшат.
43. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары өтүнүч берүүчү органдардан жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жыл ичинде келип түшкөн сыйлоо материалдарын кабыл алууну жана комплекттөөнү жүзөгө ашырат.
44. Көп балалуу энелерге сыйлоо материалдары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан жыл сайын өтүп жаткан жылдын 1-декабрынан тартып кийинки жылдын 31-январына чейин (эки ай ичинде) ыйгарым укуктуу бөлүмгө «Сыйлык» АМС аркылуу жөнөтүлүшү керек.
45. Туура таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин атына көп балалуу энелердин тизмесин камтыган сунуш;
2) «Сыйлык» АМСда белгиленген формага ылайык сыйлоо барагы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын токтомдорунан же тескемелеринен көчүрмөлөр;
4) эненин паспортунун көчүрмөсү;
5) бардык балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн өтүнүч берүүчү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
6) эненин жана анын балдарынын жашаган жана/же иштеген, окуган жеринен, аскердик бөлүктөн маалымкаттар;
7) эненин жана анын 14 жаштан жогору балдарынын соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкаттар;
8) асырап алынган балдар бар болсо, асырап алынгандыгы жөнүндө күбөлүктүн жана асырап алуу жөнүндө сот органынын чечиминин өтүнүч берүүчү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет;
9) эненин же анын балдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөн учурда, ырастоочу документтердин өтүнүч берүүчү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл.
46. «Сыйлык» АМСда жеткиликтүү болгон документтер жана маалымкаттар кагаз түрүндө же башка түрдө берилүүгө тийиш эмес.
47. Сыйлоо барагы эненин паспортунун жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн маалыматтарынын негизинде толтурулат.
48. Сыйлоо барагынын бардык графалары жана пункттары толук толтурулушу жана анык маалыматтарды камтышы керек.
49. Сыйлоо барактарында камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн ага кол койгон кызмат адамдары жеке жоопкерчилик тартат.
50. Жашы жете элек балдары энесинен өзүнчө жашаган учурда өтүнүч берүүчү органдан баланын энесинен өзүнчө жашап жаткандыгынын себеби камтылган маалымат тиркелет.
51. Балдары Мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адамдын өмүрүн сактоо боюнча жарандык милдетти аткарууда, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти камсыз кылууда, эне менен баладан көз каранды болбогон күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын кесепетинен (жол-транспорт кырсыгы, эмгектик мертинүү же кесиптик оору, өзгөчө кырдаалда алган жаракат, айыккыс оорунун кесепеттери) каза болгон же дайынсыз жоголгон балдарына эненин баласынын өлүмүнүн себебин ырастоо боюнча комиссиянын акты ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык берилет.
Аталган комиссиянын сандык курамы, анын иштөө мөөнөттөрү жана тартиби өтүнүч берүүчү органдын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилери тарабынан бекитилет.
Балдардын өлүмүнүн эне менен баладан көз каранды болбогон себебин жана жагдайын ырастоо үчүн жогоруда аталган комиссиянын курамына өтүнүч берүүчү органдын жетекчилери, жергиликтүү саламаттык сактоо, ички иштер жана социалдык коргоо органдарынын кызматкерлери киргизилүүгө тийиш.
52. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттуулугу жоюлган же алып салынган учурларды кошпогондо, балдарынын бирөөсү соттолгон болсо, энени мамлекеттик сыйлыкка сунуштоого жол берилбейт.
53. Эгерде энеге жана балдарына карата кылмыш иши козголсо, сыйлоо материалдары тергөө аяктаганга, соттун актоочу чечими чыкканга жана ал мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кабыл алынбайт.
54. Энени же балдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалыматтар бар болсо жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бул иш боюнча жыйынтыктоочу актыны берүүгө милдеттүү.
55. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган балдарга жашаган өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан берилген жашаган жана/же иштеген, окуган жеринен, аскердик бөлүктөн маалымкат жана жашаган өлкөнүн жана Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары берген соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкат берилүүгө тийиш.
56. Чет тилде берилген документтер мамлекеттик же расмий тилдерге которулууга жана нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
57. Жетинчи баласы бар болгон учурда, анын ичинде мурда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерди «Эне даңкы» медалына сунуштоого жол берилбейт.
58. «Баатыр эне» орденине жана «Эне даңкы» медалына негизсиз сунуштоо, ошондой эле сыйлоо материалдарында камтылган анык эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
5-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби
59. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктарды чыгарат, алар Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жана «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланат.
60. «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйлоо жылына эки жолу – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө жана жылдын жыйынтыгы боюнча берилет.
61. Ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктары, ошондой эле сыйланган адамдын жеке маалыматтары «Сыйлык» АМСга киргизилет.
62. «Сыйлык» АМСны толтуруу жана актуалдаштыруу боюнча иштер ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан, сыйлоо материалдарын жөнөтүү бөлүгүндө – ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
63. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарынын төш белгилерин Кыргыз Республикасынын Президенти тапшырат, ошондой эле анын тапшырмасы боюнча жана анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана башка кызмат адамдары тапшырат.
64. «Баатыр эне» орденин жана «Эне даңкы» медалын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана облустардагы, райондордогу жана айыл өкмөттөрдөгү башка кызмат адамдары тапшырат.
65. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарынын төш белгилерин тапшыруу ачык-айкын жана салтанаттуу жагдайда жүргүзүлөт.
66. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча айрым адамдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын тапшыруу жабык режимде уюштуруучулардын, сыйлануучулардын жана алардын жетекчилеринин катышуусу менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана бөтөн адамдарды киргизбестен жүргүзүлүшү мүмкүн.
67. Жер-жерлерде (Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, облустарда, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, ошондой эле сыйланган адамдын үйүндө) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарынын төш белгилерин салтанаттуу тапшырууну уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарым укук берилген адамдарга жүктөлүшү мүмкүн.
68. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы жана ардак наамынын төш белгиси сыйланган адамдын жеке өзүнө тапшырылат.
69. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын жана ардак наамынын төш белгисин тапшыруунун алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы жарыяланат.
70. Тапшырылган мамлекеттик сыйлык менен кошо төмөнкүлөр берилет:
1) «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга – тийиштүү китепче;
2) «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга – тийиштүү китепче;
3) орден менен сыйланган адамга – тийиштүү орден китепчеси;
4) медаль менен сыйланган адамга – медалга тийиштүү күбөлүк;
5) ардак наамга татыктуу болгон адамга – ардак наамдын күбөлүгү жана төш белгиси.
71. Чет өлкөлүк жарандарды жана «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланган адамдарды кошпогондо, ар бир сыйлануучу адамга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоо же ардак наамын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын мамлекеттик тилдеги көчүрмөсү берилет.
72. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына карата ушул Жобонун 70-пунктунда көрсөтүлгөн документтер мөөнөтсүз болуп саналат жана сыйланган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу алмаштырылбайт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын документтеринде кандайдыр бир оңдоолорго жол берилбейт.
6-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын жокко чыгаруу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү
73. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыкты төмөнкү учурларда жокко чыгарат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыратуу түрүндө жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
2) сыйлоо материалдарында анык эмес маалыматтар берилсе;
3) энени «Баатыр эне» ордени же «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо негизсиз болсо;
4) сыйланган адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан эл алдында же жазуу жүзүндө баш тартса.
74. Сыйлоо материалдарында анык эмес маалыматтар берилгендиги сыйланган адамдын сыйлоо материалдарында анык эмес жана/же жалган маалыматтардын камтылышына байланыштуу Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими менен аныкталат.
75. «Баатыр эне» ордени же «Эне даңкы» медалы менен сыйлоонун негизсиздиги «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык келбеген учурда Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими менен аныкталат (ошол эле сыйлык менен кайталап сыйлоо, балдарынын саны белгилүү бир сыйлык менен сыйлоо үчүн балдардын санына ылайык келбөөсү).
76. Эл алдында баш тартуу деп сыйланган адамдын жалпыга маалымдоо каражаттарында, телекөрсөтүү аркылуу, чогулуштарда, иш-чараларда, митингдерде, аудиториянын алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тартуу жөнүндө эл алдында билдирүүсү таанылат.
77. Жазуу жүзүндөгү баш тартуу деп сыйланган адамдын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине эркин формадагы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү таанылат.
78. Сыйланган адамдын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тартуусун ырастоо үчүн ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык баш тартуу жөнүндө акт таризделет, ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан баш тарткан адамдын колу коюлат.
79. Баш тартуу жөнүндө актыга 30 календардык күндүн ичинде кол коюлбаган учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тарткан адамдын дарегине баш тартуу жөнүндө акт анын кол коюусуз таризделгендиги тууралуу билдирүү менен кат жөнөтүлөт.
80. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан же ардак наамынан баш тарткан адам билдирүү менен катты алган учурдан тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин 3-тиркеменин 4-пунктунда тийиштүү белги коюлат.
81. Соттун күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан, ардак наамдарынан ажыратуу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыгарылат.
82. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан, ардак наамдарынан ажыратуу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу жарлыктын күчүнө кириши сыйлангандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бардык социалдык кепилдиктердин жокко чыгарылышына алып келет.
83. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы жокко чыгарылган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан, ардак наамдарынан ажыратылган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыгарылган адамга тапшырылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы, ардак наамынын төш белгиси жана алардын документтери алынууга тийиш.
84. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, ардак наамдарынын төш белгилерин жана алардын документтерин алып коюу сот аткаруучулардын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
85. Кыргыз Республикасынын алып коюлган мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдарынын төш белгилери, ошондой эле алардын документтери мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп берилет.
86. Мыйзамсыз ээлик кылган адамдардан укук коргоо жана бажы органдары тарабынан алып коюлган, ошондой эле ээси аныкталбаган мамлекеттик сыйлыктар ыйгарым укуктуу бөлүмгө өткөрүп берилет.
87. Сыйланган адам мамлекеттик сыйлыктан ажыратылган соттун өкүмү реабилитациялык негиздер боюнча жокко чыгарылса, бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына карата укук калыбына келтирилүүгө тийиш.
88. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамына карата укуктарды калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыраган адамдын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
89. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына карата укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыгат, мында сыйланган адамга же анын мураскорлоруна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы, ардак наамынын төш белгиси жана алардын документтери кайтарылат.
90. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына карата укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы күчүнө киргенден кийин аны сыйлоо жөнүндө жарлык жокко чыгарылган учурдан тартып сыйланган адамдын социалдык кепилдиктери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы, ардак наамы калыбына келтирилет.
91. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгында сыйланган адамдын аты-жөнүн жазууда (фамилиясы, аты, атасынын аты) каталар табылган учурда ага тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
92. Жарлык чыккандан кийин сыйланган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
7-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарына, ардак наамдарына белгилердин жана документтердин дубликаттарын берүү
93. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин дубликаттары согуштук жагдайда же табигый кырсыктын натыйжасында жоголгон учурларда ал адамды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого, ардак наамын ыйгарууга көрсөткөн ыйгарым укуктуу субъекттердин өтүнүчү боюнча берилиши мүмкүн.
94. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жоголуп кеткендин ордуна же сыйланган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жазууда каталар табылса, сыйлангандарга ал адамды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого, ардак наамын ыйгарууга көрсөткөн ыйгарым укуктуу субъекттердин өтүнүчү боюнча документтердин дубликаттары берилет.
95. Сыйланган адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына белгинин жана документтин дубликатын берүү жөнүндө арызы менен, аны сыйлыкка көрсөткөн органга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына белгинин жана документтин жоголгон жагдайларын көрсөтүү менен кайрыла алат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына документтер табигый кырсыктын кесепетинен же бул документтердин жоголушун болтурбоо мүмкүн болбогон башка жагдайларда жоголсо же жок кылынса, табылгалар бюросу же өзгөчө кырдаалдар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан маалымкат берилет.
96. Бул адамды сыйлыкка көрсөткөн органдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына белгилердин жана документтердин жоголуп кеткен жагдайларын текшергенден жана дубликатты берүү жөнүндө арызды карагандан кийин, дубликатты берүү жөнүндө өтүнүчүн, сыйланган адамдын арызын, тиешелүү маалымкаттарын жана паспортунун көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу бөлүмгө жөнөтөт. Өтүнүчтө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына белгилердин жана документтердин жоголуп кеткен жагдайлары көрсөтүлөт.
97. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын белгилеринин дубликаттары белгинин арткы бетине «дубликат» деген жазуу менен берилет.
98. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына документтердин дубликаттары документтердин колдонуудагы үлгүлөрүнүн бланктарында жогорку оң бурчуна «дубликат» деген жазуу менен берилет, Комиссиянын төрагасынын колу коюлат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
99. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына белгилердин жана документтердин дубликаттары ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан дубликатты берүү жөнүндө өтүнүчтү демилгелеген органга жөнөтүлөт, ал аларды сыйлангандарга өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
100. Баалуу металлдарды камтыган мамлекеттик сыйлыктардын белгилеринин дубликаттары берилбейт.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Сыйлоо барагы Кыргыз Республикасы ______________________________________ (облусу, Бишкек ш., Ош ш.) 1. Фамилиясы, аты, атасынын аты ____________________________________________________________ Эгер мурда фамилиясы, аты, атасынын аты башка болсо, алар көрсөтүлөт ____________________________________________________________ 2. Кызмат орду, иштеген, кызмат кылган жери (ишкананын, мекеменин, уюмдун, министрликтин бөлүмдөрүнүн ж.б. так аталышы көрсөтүлөт) мамлекеттик тилде ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ расмий тилде ________________________________________________________________________________________________________________________ 3. Жынысы ____________________________________________________________ 4. Туулган датасы жана жери ____________________________________________________________ 5. Жарандыгы ____________________________________________________________ 6. Паспорттун маалыматтары ____________________________________________________________ (паспорттун сериясы жана номери, берилген датасы жана ким берди, идентификациялык номери) 7. Улуту ____________________________________________________________ 8. Билими ____________________________________________________________ (кайсы окуу жайын, кайдан жана качан бүтүргөн) 9. Окумуштуулук даражасы, илимий наамы, атайын наамы ____________________________________________________________ 10. СССРдин, Кыргыз Республикасынын кайсы мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган, сыйланган датасы: ________________________________________________________________________________________________________________________ 11. Жалпы иш стажы ____________________________________________________________ 12. Тармактагы иш стажы ____________________________________________________________ 13. Бул жамааттагы иш стажы ____________________________________________________________ 14. Иш жүзүндө жашаган дареги: ____________________________________________________________ Каттоо боюнча дареги: ____________________________________________________________ Байланыш телефону: ____________________________________________________________ 15. Сыйлануучунун өзгөчө сиңирген эмгеги: ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ 16. ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ (өтүнүч берген мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ишкананын, мекеменин, уюмдун аталышы) Талапкер ____________________________________________________________ (талапкердин аты-жөнү, кызмат орду) Чечим кабыл алынды ____________________________________________________________ (кандай чечим кабыл алынды, чечимдин датасы, №) ____________________________________________________________ (мамлекеттик сыйлыктын, ардак наамдын аталышы)
Жетекчи _______________________________________________ __________ (аты-жөнү, кызмат орду) (колу)
20___-ж. «_____» ______________ М. О.
17. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар: ____________________________________________________________ (аймактык органдын, түзүмдүк бөлүмдүн, администрациянын аталышы) Талапкер ____________________________________________________________ (талапкердин аты-жөнү, кызмат орду) Чечим кабыл алынды: ____________________________________________________________ (кандай чечим кабыл алынды, чечимдин датасы, №) Жетекчи _______________________________________________ ___________ (аты-жөнү, кызмат орду) (колу)
20___-ж. «_____» _____________ М. О.
18. Сыйлоого сунуш кылуу субъекти: ____________________________________________________________ (органдын аталышы) Талапкер ____________________________________________________________ (талапкердин аты-жөнү, кызмат орду)
Чечим кабыл алынды: ____________________________________________________________ (кандай чечим кабыл алынды, чечимдин датасы, №) Жетекчи ________________________________________________ __________ (аты-жөнү, кызмат орду) (колу)
20___-ж. «_____» ______________ М. О.
Эскертүү: сыйлануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт боюнча толтурулат
|
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
«Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалына сунушталган эненин баласынын өлүмүнүн себебин ырастоо боюнча комиссиянын акты
1. Эне жана каза болгон баласы тууралуу маалымат Эненин аты-жөнү _____________________________________________________________ Баланын аты-жөнү _____________________________________________________________
2. Баланын өлүмүнүн себеби _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ 3. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн маалыматтары _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ (датасы жана номери, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берген органдын аталышы)
4. Биз төмөндө кол койгондор эненин _____________________________ (аты-жөнү) баласы ___________________________ өлүмү ага көз каранды болбогон (аты-жөнү) жагдайлардан улам болгондугун ырастайбыз:
1) ___________________________________________ _______________ (өтүнүч берүүчү органдын ыйгарым (колу) укуктуу адамынын аты-жөнү)
20___-ж. «_____» _______________ М. О.
2) ___________________________________________ _______________ (жергиликтүү саламаттык сактоо органдарынын (колу) ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү)
20___-ж. «_____» ________________ М. О.
3) ___________________________________________ _______________ (жергиликтүү ички иштер органдарынын (колу) ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү)
20___-ж. «_____» _______________ М. О.
4) ___________________________________________ ______________ (жергиликтүү социалдык коргоо органынын (колу) ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү)
20___-ж. «_____» _______________ М. О. |
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Баш тартуу жөнүндө акт Кыргыз Республикасы ________________________________ 20 ___ -ж.«____» _______ (облус, шаар, айыл)
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан баш тарткан адам жөнүндө маалыматтар
Аты-жөнү ____________________________________________________________ Кызмат орду ____________________________________________________________ (сыйланган учурундагы кызмат орду) __________________________________________________ баш тартуу (мамлекеттик сыйлыктын, ардак наамдын аталышы) Кыргыз Республикасынын Президентинин 20__-ж. «___» ___________ № _________ Жарлыгы менен сыйлоону жокко чыгарууга макулмун Эскертүү ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ 2. Эл алдында/жазуу жүзүндөгү баш тартуу (керектүүнүн алдын сызуу) Баш тартуунун жагдайы (эл алдында баш тартканда) ________________________________________________________________________________________________________________________ (басылманын аталышы, номери, датасы; телеканалдын аталышы, берүүсү, датасы, убактысы; чогулуштун, иш-чаранын, митингдин аталышы, себеби, датасы, орду) 20__-ж. «_____» ______ кириш № ____ (жазуу жүзүндө баш тартканда) 3. Актынын мазмунун жеке кол коюу менен ырастайбыз. 1) ______________________________________________ _________ (баш тарткан адамдын аты-жөнү) (колу) 2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы ________________________________________________ ________ (аты-жөнү) (колу) 4. Баш тартуу жөнүндө актыны эске албоо («Актынын мазмунун жеке кол коюу менен ырастайбыз» деген 3-пунктка кол коюлбаган учурда толтурулат)
Билдирүү кат 20__ -ж. «____» ________________ № ________________ Эскертүү ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы ________________________________________________ ________ (аты-жөнү) (колу)
|