Редакцияот 19.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы

 

2026-жылдын 19-майы  №149

 Суу-Башы  айыл аймагындагы коомдук тартипти коргоо, мыйзам бузууларды болтурбоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы иш чаралардын аткарылышы жөнүндө

                                           

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине  ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагындагы коомдук тартипти коргоо, мыйзам бузууларды  

болтурбоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы иш чаралардын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Суу-Башы айыл аймагында  Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамын аткарууга алуу жана иш чараларды өткөрүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.

 

  1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун     көчүрмөсүн  suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз     Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү   үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.    Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик    реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

К. Шакиров