СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2026-жылдын 19-майы №150
Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адиси Сами уулу Жыргалбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселеси боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Ижарага берилген жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана ижара акысын өз убагында жыйноо жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
К. Шакиров |