ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 01-февралы №205
“Үч-Терек айылдык кенешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы №127 “Жайыт акыны көтөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Үч-Терек жайыт комитетинин бюджетин көтөрүү жана учурдагы инфляцияны эске алуу менен жайыт акыны жогорулатуу үчүн, Үч-Терек айылдык кенешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы №127 ,, Жайыт акыны көтөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизип берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы К.Сыргабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген «Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө Типтүү Жобону» негиздеп, Үч-Терек айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат :
1.Үч-Терек айылдык кенешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы №127 “Жайыт акыны көтөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Аталган токтомдун 2чи пунктундагы “Үч-Терек айыл өкмөтүндө жайыт акы жандык малга 17 сом, ири мүйүздүү бодо малга жана жылкыга 80сом, торпок менен кулун үчүн 60сом болуп белгиленсин” деген сөздөр, “Жайыт акы тарифтери Үч-Терек айыл өкмөтүнүн тургундарына бодо мал үчүн 100сом, жандык малга 20 сом, ал эми башка айыл өкмөттөрдөн келген малчылар үчүн бодо малга 140сом, жандык малга 40 сом жана торпок менен кулун үчүн 70сом өлчөмүндө бекитилсин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Жаңы бекитилген тариф менен иш алып баруу жана жайыт пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Үч-Терек жайыт комитетинин төрагасы К.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу
күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Дөөлөткелдиев |