УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XVII чакырылышы
2026-жылдын 20-апрели № 01-06/17
Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2026-жылдын 20-февралыдагы №01-06/16 Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды чыгаруу жыйымын белгилөө жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74,76 беренелерине таянып, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды чыгаруу жыйым өлчөмү 2026-жылга 100 (жуз) сом болуп бекитилсин, топтоо мөөнөтү 2026-жыл үчүн, 2026-жылдын 1-июнуна чейин деп аныкталсын. Ал эми калган жылдар үчүн 1-апрелине чейин деп аныкталсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
- Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Б.Бердибеков |