Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 01-февралы №207
“Саргата айылынын Кашка-Терек участогундагы бир көчөгө маркум, Сыргабаев Данышмандын атын берүү жөнүндө”
Маркум Сыргабаев Данышман 1928-жылдын 03-июлунда Токтогул районунун Үч-Терек өрөөнүндө туулган. Эрезеге жеткен күндөн баштап Үч-Терек совхозунун 4-фермасында ар кандай жумуштарды аткарган жумушчу болуп иштеп жүргөн. Кийин совхоздун жылкысын алып, 40 жылдан ашуун пенсия жашына чейин жылкычы болуп үзүрлүү эмгектенип келген. 1950-жылы үй-бүлө күтүп, жубайы Ызакова Селки менен беш балалуу болуп, үч уул, эки кызга татыктуу тарбия берген. 1990-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Эл арасында кадыр-барктуу инсан болгон. 2017-жылы 89 жаш курагында каза болгон.
Саргата айылынын Кашка –Терек участкасынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:
1. Саргата айылынын Кашка–Терек участкасындагы Сыргабаев Канысбектин тамынан баштап, Добулов Максаттын тамына чейинки көчөгө маркум Сыргабаев Данышмандын аты берилсин.
2.Аталган көчөнүн жолдорун ондоого, көчөнү көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы, уулу Сыргабаев Калыска милдеттендирилсин.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Дөөлөткелдиев |