Редакцияот 20.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XVII чакырылышы

 

2026-жылдын 20-апрели № 01-06/21

 Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айылындагы Маданият үйүнүн жер тилкесинин аянтында жайгашкан кошумча имааратты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ,6-беренесин, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, жана 39-беренелерине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айылындагы Маданият үйүнүн жер тилкесинин аянтында жайгашкан кошумча имааратты муниципалдык менчикке  алууга макулдук берилсин.

 

  1. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Насировго жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Б.Бердибеков