Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 9-июну № 203
Кыргыз Республикасынын дары коопсуздугун, дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана дары менен борборлоштурулган камсыз кылуу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасында дары коопсуздугун камсыз кылуу улуттук коопсуздуктун негизги элементтеринин бири болуп саналат жана дары каражаттарынын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана сарамжалдуу пайдаланууну контролдоонун туруктуу системасын түзүүнү, ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүнү, импорттон көз карандылыкты азайтууну камтыйт.
Дары менен борборлоштурулган камсыз кылуу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл болгон дары препараттарына калктын бирдей жеткиликтүүлүгүн кепилдөө менен саламаттык сактоонун туруктуу жана иштиктүү моделин түзүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Дары менен борборлоштурулган камсыз кылуу чөйрөсүндөгү чектөөлөрдү жоюу, жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын дары коопсуздугун камсыз кылуу, дары каражаттарын сатып алуунун, сактоонун, бөлүштүрүүнүн жана берүүнүн туруктуу системасын түзүү, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Саламаттык сактоо уюмдарынын акыркы үч жылдагы иш жүзүндөгү (туруктуу муктаждыгы бар) керектөөлөрүн эске алып, сатып алуунун баштапкы жылдык көлөмүн аныктоо менен ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдык мөөнөткө дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын базалык тизмегин түзүү тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу (мындан ары – убактылуу укуктук жөнгө салуу) киргизилсин.
2. Убактылуу укуктук жөнгө салуунун алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп сатып алуу сапаттын, натыйжалуулуктун, коопсуздуктун жана баанын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн талаптарына шайкеш келген шартта ата мекендик өндүрүштөгү дары каражаттарын артыкчылыктуу кароо менен мамлекеттин артыкчылык, сапат жана дары коопсуздугу принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бир айлык мөөнөттө:
1) саламаттык сактоо уюмдарынын акыркы үч жылдагы иш жүзүндөгү (туруктуу муктаждыгы бар), анын ичинде Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун линиясы боюнча керектөөлөрүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин, ошондой эле башка максаттуу программаларды жана иш-чараларды эске алып, сатып алуунун баштапкы жылдык көлөмүн аныктоо менен өзгөчө кырдаалдарды, эпидемиологиялык коркунучтарды жана башка өзгөчө жагдайларды кошпогондо, базалык тизмени жыл сайын оңдоп-түзөөгө жалпы тизмектин 20 пайызынан ашпаган көлөмдө жол берилет деп белгилөө менен дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын базалык тизмегин түзүү тартибин бекитсин;
2) дары каражаттарынын өтүнмөлөрүн санариптик түзүүнү, керектөөлөрүн эсепке алууну, сатып алууларын жүргүзүүнү, берүүлөрүн контролдоону, кампа эсепке алуусун, калдыктарына, жарактуулук мөөнөтүнө жана кыймылына реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүүнү караган дары менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасын түзүүнү жана киргизүүнү камсыз кылсын;
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын саламаттык сактоо уюмдарына дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташуу, жүктөө, сактоо, берүү менен байланышкан коштомо чыгымдарын түзүлгөн контракттардын суммасынан эки пайыз өлчөмүндө өзүнчө укуктук жөнгө салууну караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизсин;
4) эки айлык мөөнөттө медициналык жардам көрсөтүү деңгээлдери (баштапкы, экинчи, үчүнчү деңгээл) боюнча бөлүү менен саламаттык сактоо уюмдарын медициналык жабдуулар менен жабдуунун бирдиктүү стандарттарын, анын ичинде милдеттүү техникалык мүнөздөмөлөрдү, жабдуунун чектик параметрлерин жана борборлоштурулган сатып алуулар үчүн типтүү өзгөчөлүктөрдү бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети убактылуу укуктук жөнгө салуу оң жагынан ишке ашырылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 43 (3803) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |