Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 23-мартындагы №5/22
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин
пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл өкмөтү келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери үчүн ижара акынын чогулушу жана пайдаланышы боюнча айылдык кеңешке маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы
М. Асанбай уулуна тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Э. Бейшеев |