Редакцияот 17.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

                                                     ТОКТОМ

 

 05-март 2026-жыл   №29-18/2

 

Каракол шаарынын 2025 -жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жана такталган планды бекитүү жөнүндө

 

Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Ч.Б.Абдиеванын, 2026-жылдын 03-февралындагы чыг:№04-1/79 Каракол шаарынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгʏ катын карап жана талкуулап, кирешелердин тʏшʏʏ планы ѳзгѳрʏлгѳндʏгʏн, 2025-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен каражаттар бѳлʏнгѳндʏгʏн, Республикалык бюджеттен акча каражаттар тʏшкѳндʏгʏн, Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондунан каражаттар бѳлʏнгѳндʏгʏн жана Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен,  Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын XVIII сессиясы,

 

                                                           токтом кылат:

 

  1. Каракол шаарынын 2025-жылга  жергиликтүү бюджетинин кирешелер боюнча такталган планы798 463,6 сом, чыгашалар боюнча такталган планы 831 218,6 сом ѳлчѳмʏндѳ №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 
  2. Каракол шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин иш жʏзʏндѳгʏ аткарылышы боюнча,кирешелер боюнча 804 909,9 сом ѳлчѳмʏндѳ, чыгашалар боюнча 796 201,7 сом ѳлчѳмʏндѳ №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.
  4. Токтом ММКларда жарыялансын.
  5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык  Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине  жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага                                                          Таштанбек уулу С.