Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 23-мартындагы №5/23
Муниципалдык ишкананын 2025-жылга карата бирдиктүү төлөө тарифтерин жана элдик жыйындын протоколдорун
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдаланууда, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т. Абдыкеримовдун маалыматын, ар бир айылда өткөрүлгөн элдик жыйындарда айыл тургундарынын макулдугу менен коюлган бааларды эске алуу менен Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 10-март, Төлөк айылында 16-март 2025-жылдагы өткөрүлгөн элдик жыйындардын №5, №5а протоколдору бекитилсин.
2. “Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардан 2025-жылга карата айыл өкмөтүндө каттоодо турган мал башына акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте:
- бир шартуу мал башы болгон кой-эчкиге 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө;
- бодо малга (уй, жылкыга) 100 (жүз) сом өлчөмүндө;
- Төлөк айылынын топоз багуучулары үчүн 300 (үч жүз) сом;
- Ак-Кыя айылынын топоз багуучулары үчүн 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин;
- 2025-жылга карата Төлөк айылындагы Көк-Тай участкасынан Үч-Катмар участкасына чейинки ички жайыттарга “мораторий” киргизилсин.
3.2025-жылга карата мал багуучу чабандар үчүн жайлоого көчүп-конуу графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Төлөк айылында жайлоого көчүп кетүү 10-июндан кечигүүсүз, көчүп келүү 15-сентябрдан эрте эмес;
- Ак-Кыя айылында жайлоого көчүп кетүү 10-июндан кечигүүсүз, көчүп келүү 30-августан эрте эмес;
- жайлоодон бекитилген графиктен кечигип көчүп же эрте көчүп түшкөн чабандарга жана кароосуз калтырылып, ички чабындыларга түшкөн, кирген малдары үчүн мал ээсине Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча мыйзамына ылайык айып пул салынаары эскертилсин.
- 2025-жылга карата Ак-Кыя айылында каттоодо турган жергиликтүү тургундардын малынан башка сырттан мал киргизбөө жагы “Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишканасына, айыл башчысына милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы көрсөтүлгөн бааларга ылайык акыларды чогултуу, иш-милдеттерди аткаруу менен аткарылып жаткан иштер жөнүндө жалпы элге элдик жыйында жылдын жыйынтыгы менен маалымат берүү жагы «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т. Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Э. Бейшеев |