Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 23-мартындагы №5/24
Төлөк айылындагы “Бучук”, “Көк-Тай” участкасындагы
БСРлерди өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.2-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адисиЖ. Өзүбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагына караштуу Төлөк айылындагы “Бучук”, “Көк-Тай” участкасындагы БСРлер Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |