Редакцияот 08.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезексиз VI  сессиясы

 

 

2025-жылдын 8-апрели № 6/30

 

Жер аянтын убактылуу ижарага берүүгө

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Сары-Булак айылындагы мектептин түндүгүндөгү Каракужур чоң суусунун жээгинен 0,40 га жерди 1 сотых жер аянтын 10 сом өлчөмүндө 5 жылга убактылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасыныны мыйзамдарына ылайык келишим түзүп,  өткөрүп берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Төрага

 

Ч. Бейшеев