Редакцияот 08.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезексиз VI  сессиясы

 

 

2025-жылдын 8-апрели № 6/32

 

Муниципалдык ишкананын техникаларын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн алдындагы «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т. Абдыкеримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Айыл өкмөтүндөгү «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасына Ак-Кыя, Сары-Булак, Төлөк айылдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө сатылып келинген трициклдер «Желмаян» Ак-Кыя, Төлөк айылдарынын айыл башчыларынын көзөмөлүндө болуусу менен каржылоо жагы муниципалдык ишканага тапшырылсын.

 

2. «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын балансасындагы техникалардын (Беларусь МТ-82 трактору, XGMA эксковатор-погрузчик, FAV оор жүк ташуучу автосамосвалдын) айдоочуларынын эмгек акысы тарифтик негизде жүргүзүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т. Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

 

Ч. Бейшеев