БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2026-жылдын 21-апрели № 18
“Баткен шаарынын аймагындагы жайыттардын 2026-жылга жайыт акысын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2;5 пункттарына жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 27-марттагы отурумунун протоколунун жана корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысынын өлчөмдөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Баткен шаарынын мэриясына:
- Жайыт акысын чогултуу жана максаттуу пайдалануу боюнча ишти уюштуруу;
- Жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууну жана алардын абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин.
3. Жайыт акысын төлөө тартиби жана мөөнөттөрү белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
4.Шаар аймагындагы жайыттарга 2026-жылдын 20-майынан баштап мал алып чыгууга макулдук берилсин.
5. Бул токтом Баткен шаарынын калкына шаардык Кеңештин расмий сайты жана социалдык баракчасы аркылуу жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Ураимжанов Т/ тапшырылсын.
Төрага |
А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XIII сессиясынын №_____токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2026-жылдагы жайыт жерлери боюнча маалымат.
Муниципалдык менчик департаментинин карамагындагы жайыт жер 4324,0 га жер аянты бар, ал эми бир жылдык планы 550 000(беш жүз миң)сом болот.
Анын ичинен:
Жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган жапайы өскөн мөмө жемиш тамак аш продуктыларын жеке пайдаланууга чогултуу максатында-190 000сом.
Ал эми жакынкы жана алыскы жайытка мал багуу үчүн 360 000(үч жуз алтымыш миң)сом.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун негизинде Баткен шаарына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн мал башына акы төлөөнүн тартиби:
№ | Малдын түрү | Шарттуу саны | 1-башка жайыттын жер салыгы(сом) |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 1 | 9 |
2 | Кой-Эчки | 0.2 | 1.80 |
3 | Жылкы | 1 | 9 |
Малдын түрү боюнча жайытты пайдалануу жана жер салыгы үчүн төлөмдү каттоо жана 2026-жылга малдын түрунө,мал башына коюлган жайыт акы.
№ | Малдын түрү | 1-башка жайыт үчүн төлөм(сом) | 1-башка жайыттын жер салыгы(сом) | 1-башка жалпы төлөм(сом) |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 191 | 9 | 200 |
2 | Кой-Эчки | 48,20 | 1.80 | 50 |
3 | Жылкы | 191 | 9 | 200 |
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №3-86 токтомунун негизинде Баткен шаарына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн мал башына акы төлөөнүн тартиби.
№ | Малдын түрү | Шартуу саны |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 1 |
2 | Кой-Эчки | 0,2 |
3 | Жылкы | 1 |
4 | Жалпы |
|
Баткен шаарында жалпы 4324,0 гектар барабар болгон жайыт жери бар. 4324,0 гектар жеринен 550 000сом алууну пландаштырууда,башкача айтканда ар бир гектарынан 127,20 сомдон.
Малдын түрүн “Мал башынын шарттуу санына”айландыруу төмөнкү схема боюнча аныкталат.
№ | Малдын түрү | Саны | Которуу коэффиценти | ШМБ |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 550 | 1 | 550 |
2 | Кой-Эчки | 4500 | 0,2 | 900 |
3 | Жылкы | 60 | 1 | 60 |
4 | Жалпы | 5110 |
| 1510 |
Мал башынын шарттуу саны:Жайыт пайдалануу учүн төлөмдүн кошулган максаттуу кирешени”Мал башынын шарттуу санына” бөлүү аркылуу аныкталат.
Жайыт пайдалануу үчүн малдын турлөрү боюнча төлөмдү кайра эсептөө жайытты пайдалануу үчүн “шартуу малдын” мал коэффицентине көбөйтүү аркылуу төмөнкүдөй схема боюнча жүргүзүлөт.
№ | Малдын түрү | Саны | Жайытты пайдалануу учүн төлөм |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 1 | 200 |
2 | Кой-Эчки | 0,2 | 50 |
3 | Жылкы | 1 | 200 |
4 | Жалпы |
|
|
№ | Малдын түрү | Саны | Жайытты пайдалануу үчүн төлөм | Жалпы суммасы(миң,сом) |
1 | Ийри мүйүздүү мал | 550 | 191 | 105 050 |
2 | Кой-Эчки | 4500 | 48,2сом | 216 900 |
3 | Жылкы | 60 | 191 | 11 460 |
4 | Жайытты башка максаттта пайдалануу | 31.94га | 5000 | 159 740 |
5 | Антенна | 12ай | 5000 | 60 000 |
6 | Жалпы |
|
| 553 150 |
Баткен шаарынын мал жандыктар үчүн салыгы - 9 сом.
Жайыт жер салык төлөмү:
Жайыттын жалпы аянты 4324,0 га.
Баткен шаарынын жайытка болгон Жер салыгынын базалык ставкасы 15 сомду түзөт.
Шаарга 50% жеңилдик, ошондо 1 га жайыттын жер салыгы 7,5 сомду түзөт.
Эсептөө 4324,0га х 7,50 =32430 сом суммадагы жер салыгы төлөнөт.
Жайлоого чыкканда ар бир кожолукта түтүн акы-500сом белгиленген. 2013-жылдын 13-сентябрь №501 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун беүү тартиби жөнүндө.Түшүмдүүлүгү төмөн, таштак жерлерди убактылуу пайдаланууга берүү 1 га жер аянтына 5000 (беш миң сом) белгиленген.
Баткен шарынын аймагында 4324 га жер аянты бар.
Баткен шаарынын 2025-жылга жайыт пайдалануучулардын саны-22(койчулар).
Ийри муйүздүү мал-550 баш;
Кой-Эчки-4500 баш;
2025-жылга койчулардан тушкөн төлөмдөр 338 000(эжүз отуз сегиз миң) сомду тузөт.
Калган 527 000(беш жүз жыйырма жети миң)сом мал менен байланышпаган башка максаттардан келген төлөм.
Ижара келишим -34 жараан менен түзулгөн, пайдаланган жайыт жеринин аянты 37 га тузөт ,жайыт жеринен- 185 000(жүз сексен беш миң) сом тушкөн.
Башка максаттагы пайдаланган жер аянттарынан-327 000(үч жүз жыйырма жети миң) түшкөн.
Суу кампага жетерлик шланга биз тараптан 800 метр,жайыт пайдалануучулар тараптан 1600 метр,жалпысынан-2400 метр шланга,диаметри 40мм полиэтилен суу түтүк алынган.
2026-жылга малдарды жайытка чыгаруу боюнча ар бир участокторго график тузүү , койчулар менен жер жерлерде жыйын өткөруп жайытты туура пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат жана мындан ары да жүргузүлөт.
Алыскы жайлоосу;
Дөгмөн жайлоосу-1500 га;
Быйылкы жылга божомол менен чыга турган турган малдын саны:
Ийри мүйүздүү малдын саны-400; Майда малдын саны-1200;
Кык жайлоосу-400 га;
Ийри мүйүздүү малдын саны-200баш; Майда малдын саны-500 баш;
Жакынкы жайыт;
Рават Жакып жайыты-1400га;
Майда малдардын саны:
Жыл-Булак-300 баш;
Зындан-Как-340 баш;
Байтак-550 баш;
Байтак-Айри-600 баш;
Ак-Терек-200 баш;
Миң-Өрүк-566 баш;
Дасталык-424 га (Кызыл-Жол), Малдын саны-2100 баш;
Күнгөй-700га; Малдын саны-440 баш;
Жайытка чыгуу графиги:
Жакынкы жайыт-15-апрелден; (Рават-Жакып, Кунгөй,Дасталык,Миң-Өрук)
Алыскы жайлоосу-20-майдан; (Кык,Дөгмөн)
Мындан тышкары жайыт жерлерге суу көлмөлөрун тазалоо , суу түтукчөлөрүн жаткыруу,жолдорун оңдоо жана шлагбаум орнотуу тиешелуу кызмат адистери менен биргеликте иш алып барылат.
Баткен шаарынын жайлоосуна башка аймактардан (Район-Область) келген мал-жандыктардын төлөм акысы;
Ийри мүйүздүү мал башына-250 сом;
Майда мал (Кой-Эчки) башына-70 сом;
Жылкыларга-500 сом;
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик
департаментинин директору А.Акматов
Жайыт контролер Т.Эргешов