Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 28-майы № 186
Кыргыз Республикасынын виртуалдык
активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу
жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу
органынын маселелери жөнүндө
Мамлекеттик органдардын ортосунда өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларын чектөө жолу менен виртуалдык активдер чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында, «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы» мамлекеттик мекемесинин базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик (мындан ары – ВАУА) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын штаттык саны 2-тиркемеге ылайык;
3) ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелген 7 040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка;
4) ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
5) ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
3. ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларына төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызы өлчөмүндө үстөк;
2) өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарды аткаргандыгы үчүн кызматтык маянанын 100 пайызы өлчөмүндө үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
5) ВАУАнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чен үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык;
6) эмгек өргүүгө чыгууда – орточо эки айлык эмгек акы өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
7) календардык жылдын аягында – орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
8) өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны жана бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөктөрдү эсептөөдө эске алынбаган жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш жана майрам күндөрү иштеген күндөр алып салынат) төлөнүүчү төмөнкүдөй компенсациялык төлөмдөр:
– кызматтык же нөөмөттүк автомобиль бекитип берилген ВАУАнын башчысын кошпогондо, транспорттук чыгымдар үчүн айына 2 000 сом өлчөмүндө;
– тамактануу үчүн айына 5 000 сом өлчөмүндө;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фондунун каражаттарынын эсебинен дем берүүчү төлөмдөр.
4. ВАУАнын ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу ВАУАнын башчысы жетекчилик кылат.
5. «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы» мамлекеттик мекемесинин иштеп жаткан кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ВАУАга кайра дайындалууга тийиш деп белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы бир айлык мөөнөттө өткөрүлүп берилүүчү функцияларга тиешелүү болгон маалымат системаларын, электрондук маалымат базаларын, санариптик реестрлерди, программалык-техникалык каражаттарды, башкаруу укуктарын, архивдик материалдарды жана башка маалыматтык ресурстарды, ошондой эле документтерди ВАУАнын карамагына өткөрүп берсин, анын ичинде:
1) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү, анын ичинде убактылуу жөнгө салуунун алкагында мурда берилген уруксат берүүчү документтер боюнча;
2) Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча;
3) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жана чыгарылышын мамлекеттик каттоо маселелери боюнча.
7. ВАУА белгиленген тартипте:
1) аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы» мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрсүн;
2) өткөрүп берилүүчү функцияларга тиешелүү материалдарды жана документтерди кабыл алууну камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон акча каражаттарын белгиленген тартипте издеп тапсын жана ВАУАнын ишин каржылоону жүзөгө ашырсын;
2) «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул Жарлыктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ВАУАны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтык материалдарын алуучу органдардын тизмегине киргизсин.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
– I бөлүмдүн 1-главасында:
алтынчы абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 1–4-главаларга эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикте бардык бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо жүзөгө ашырылат;».
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 144 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемеси ушул Жарлыктын 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик аныкталсын.»;
3) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:
21-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 208 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы № 245 «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
14. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
15. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 29-майындагы 39 (3799) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин мамлекеттик жарандык
кызматчыларынын штаттык саны
№ | Кызмат орундун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Башчы | 1 |
2 | Башчынын орун басары | 1 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 7 |
4 | Сектордун башчысы | 1 |
5 | Башкы адис | 7 |
6 | Жетектөөчү адис | 7 |
7 | Адис | 6 |
| Бардыгы | 30 |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар
боюнча улуттук агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны | Эселөө коэффициенттери |
1 | Башчы | 1 | 6,60 |
2 | Башчынын орун басары | 1 | 6,45 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 7 | 6,15 |
4 | Сектордун башчысы | 1 | 5,80 |
5 | Башкы адис | 7 | 5,60 |
6 | Жетектөөчү адис | 7 | 5,25 |
7 | Адис | 6 | 4,90 |
| Бардыгы | 30 |
|
Эскертүү:
1) кызматкерлерге иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызы өлчөмүндө пайыздык үстөк төлөнөт;
2) кызматкерлерге өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарды аткаргандыгы үчүн кызматтык маянанын 100 пайызы өлчөмүндө пайыздык үстөк төлөнөт.
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар
боюнча улуттук агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына
иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү
№ | Иш стажы | Пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү (%) |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан жогору | 40 |
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар
боюнча улуттук агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чен
үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү
№ | Класстык жана атайын чен | Үстөктөрдүн өлчөмдөрү (сом менен) |
1. Жогорку кызмат орду | ||
1 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1800 |
2 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1700 |
3 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1600 |
2. Башкы кызмат орду | ||
4 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси | 1400 |
5 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси | 1300 |
6 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси | 1200 |
3. Улук кызмат орду | ||
7 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору | 1000 |
8 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору | 900 |
9 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору | 800 |
4. Кенже кызмат орду | ||
10 | Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору | 600 |
|
| 6-тиркеме |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар
чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин
курамы
Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы;
Чанпэн Чжао – блокчейн-технологиялар жана санариптик активдер чөйрөсүндөгү жетектөөчү эксперт, Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү (макулдашуу боюнча);
Кирилл Хомяков – Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Африка өлкөлөрүндөгү Binance региондук өкүлү (макулдашуу боюнча);
виртуалдык активдерге жана блокчейн-технологияларга адистешкен жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү жана эксперттери (макулдашуу боюнча).».