Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июну № 405
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын штаттык санынын чеги жана түзүмүн жана штаттык расписаниесин түзүүнүн ченемдери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын штаттык санынын чеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин түзүүнүн ченемдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
– 28-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– эскертүүнүн 4-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул токтомдо каралган ченемдерге ылайык эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин иштеп чыксын жана бекитсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 43 (3803) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын
штаттык санынын чеги
№ | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын аталышы
| Негизги персоналдын штаттык бирдиктеринин саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | 40 |
2 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | 35 |
3 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 34 |
Эскертүү:
1..Техникалык жана тейлөөчү персоналдын саны Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык жана тиешелүү эмгек акы фондунун чегинде белгиленет.
2..Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын штаттык санынын чеги «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин түзүүнүн
ченемдери
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик кызмат орундарынын төмөнкүдөй ченемдик түзүмүн сактоо менен түзүлөт:
1) жетекчилик курам – 11 штаттык бирдиктен көп эмес (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарларынын 2 штаттык бирдиги);
2).патронаттык кызмат орундары – 1 штаттык бирдик (жардамчы);
3) башкы адистер – жетекчилик курамдын кызмат орундарын жана патронаттык кызмат орундарын алып салуу менен негизги персоналдын жалпы штаттык санынын 50 %ына чейин;
4).жетектөөчү адистер – жетектөөчү курамдын кызмат орундарын жана патронаттык кызмат орундарын алып салуу менен негизги персоналдын жалпы штаттык санынын 30 %ына чейин;
5).адистер – жетектөөчү курамдын кызмат орундарын жана патронаттык кызмат орундарын алып салуу менен негизги персоналдын жалпы штаттык санынын 20 % жана андан жогору.
2..Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратындагы мамлекеттик кызмат орундарын бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан анын түзүмүн бекитүүнүн алкагында аныкталат.
3..Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарындагы түзүмдүк бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик органдардын башкаруу түзүмдөрүнүн (башкармалык, бөлүм, сектор) штаттык бирдиктеринин минималдуу ченемдерин сактоо менен түзүлөт.