Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-11
Муниципалдык менчиктеги унааларды эсептен чыгаруу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-августундагы №262 сандуу катына негиз, эскилиги жеткен унааларды эсептен чыгаруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-августундагы №262 сандуу катына негиз, Жигули ВАЗ 2107 2 даана, Шевроле Кобальт 1 даана жана 1 даана Самсунг эксковатор унаалары атайын көз карандысыз баалоонун корутундусуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин корутундусуна негиз эсептен чыгарылсын.
2. Мыйзам чегинде сатуудан түшкөн акча каражаты лизинг жолу менен алынган кызматтык автоунаанын төлөмүнө которууга макулдук берилсин.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |