Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-июнундагы № 212 Жарлыгына) |
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) энергиянын кайра жаралуучу булактары (мындан ары - ЭКБ) чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди макулдашууга байланышкан административдик жол-жоболорду оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
бирдиктүү терезе - мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү пункту аркылуу зарыл болгон документтердин пакетин, уруксаттарды жана макулдашууларды алууну камсыз кылган ЭКБ чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду коштоонун борборлоштурулган механизми;
техникалык-экономикалык негиздеме (мындан ары - ТЭН) - инвестициялоонун максаттарын баяндоо менен баштапкы маалыматтарды, инвестициялардын натыйжалуулугун негиздөөнү, анын ичинде ЭКБны пайдаланган энергетикалык түзүлүштүн иштөөсүнөн күтүлүүчү экономикалык, социалдык жана (же) коммерциялык натыйжаны, ошондой эле курулуш объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептөөлөрдү камтыган долбоордук документ;
ЭКБ объекттерин курууга конкурс - ЭКБны пайдаланган объектти куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн бир же бир нече талапкерди тандоо жол-жобосу.
2-глава. Принциптери жана милдеттери
3. ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорлорду даярдоодо, ишке ашырууда жана коштоодо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү төмөнкү принциптерге негизделет:
1) берилүүчү документтердин жана маалыматтардын ыкчамдуулугу, толуктугу жана объективдүүлүгү;
2) ведомстволор аралык макулдашылгандык жана иш-аракеттерди координациялоо;
3) иштин жана өз ара аракеттенүүнүн үзгүлтүксүздүгү.
3-глава. ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорлорду даярдоодо, өз ара аракеттенүүдө жана коштоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
4. ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорлорду өз убагында ишке ашырууну, ошондой эле "бирдиктүү терезе" механизминин алкагында документтерди жана маалыматтарды ыкчам алууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду (мындан ары - Фонд) төмөнкү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет:
1) жер тилкесинин координаттарын алуу үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы менен;
2) электр тармактарына кошулуу жана ЭКБ объекттери тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын берүүгө тиешелүү типтүү келишимди түзүү үчүн - "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен;
3) долбоорлонуп жаткан курулуш тилкесиндеги жер казынасында пайдалуу кендердин бар же жок экендиги жөнүндө корутунду, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын объекттеринин бар же жок экендиги жана мындай аймактарда чарбалык ишти жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду алуу үчүн - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен;
4) тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутунду алуу үчүн - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен;
5) суу ресурстарынын көлөмдөрү жөнүндө корутунду алуу үчүн - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен;
6) жер тилкелерин трансформациялоо жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен;
7) жер тилкесинин кадастрдык планын алуу үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен.
5. Фонд тиешелүү документтердин тизмегин түзөт жана белгиленген тартипте аларды макулдашуу жана кайтарым байланышты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, ведомстволоруна жана мекемелерине суроо-талаптарды жөнөтөт.
6. Ушул Убактылуу жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, ведомстволор жана мекемелер суроо-талаптарды карап чыгууга жана төмөнкү мөөнөттөрдө тиешелүү жоопту жөнөтүүгө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы - беш жумуш күндүн ичинде;
2) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - үч жумуш күндүн ичинде;
3) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги - беш жумуш күндүн ичинде;
4) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы - үч жумуш күндүн ичинде;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - он төрт жумуш күндүн ичинде;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик - үч жумуш күндүн ичинде.
7. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна суроо-талапты карап чыгуу жана беш жумуш күндүн ичинде тиешелүү жоопту жөнөтүү сунушталсын.
8. Убактылуу жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөр тиешелүү мамлекеттик кызматты көрсөтүү, корутунду берүү, макулдашуу же чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер топтому келип түшкөн күндөн тартып эсептелет.
9. Мамлекеттик органдар, ведомстволор жана мекемелер ушул Убактылуу жободо каралган суроо-талаптарды кароо мөөнөттөрүн узартууга укуксуз.
4-глава. Корутунду
10. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишти жүзөгө ашыруунун алкагында Фонд:
1) ЭКБ чөйрөсүндө объекттерди куруу үчүн Фонддун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жер тилкелерин берүүгө конкурс өткөрөт;
2) ЭКБ чөйрөсүндө объекттерди куруу үчүн берилген жер тилкелерине ижара келишимдерин түзөт;
3) ЭКБ чөйрөсүндө объекттерди курууда инвесторлор тарабынан кепилдик милдеттенмелеринин сакталышына жана аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭКБ пайдаланган объекттерди электр тармактарына кошууда көмөк көрсөтөт;
5) ЭКБ чөйрөсүндө долбоорлорду коштоого байланыштуу башка функцияларды жүзөгө ашырат.