Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыгына 1-тиркеме)
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар
боюнча улуттук агенттик жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (мындан ары – ВАУА) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. ВАУА Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын жүзөгө ашыруу, ошондой эле «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык виртуалдык активдер чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, жөнгө салуу жана лицензиялоо/уруксат документтерин берүү боюнча функциялар бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы» мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. ВАУА мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жөнгө салуу жана лицензиялоо/уруксат документтерин берүү, ошондой эле виртуалдык активдер рыногунун жөнгө салынуучу субъекттерине таасир этүү чаралары боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
4. ВАУА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. ВАУА өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз аракеттенүүдө жүргүзөт.
6. ВАУА юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы жана обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык системасында жана банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
7. ВАУАнын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик»;
– расмий тилде: «Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте Кыргызской Республики»;
– англис тилде: «National Agency for Virtual Assets and Blockchain Technologies under the President of the Kyrgyz Republic».
8. ВАУАнын кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «ВАУА»;
– расмий тилде: «НАВА»;
– англис тилинде: «NAVA».
9. ВАУАнын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 7-апрель көчөсү, 4.
2-глава. ВАУАнын ишинин максаты
10. ВАУАнын ишинин максаты виртуалдык активдер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана мамлекеттик жөнгө салуунун ачык-айкын жана натыйжалуу системасын түзүү, виртуалдык активдер рыногун туруктуу өнүктүрүү, блокчейн-технологияларын киргизүү жана инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле рыноктун катышуучуларынын жана тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
3-глава. ВАУАнын милдеттери
11. ВАУАнын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) виртуалдык активдер чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча натыйжалуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) виртуалдык активдер чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
3) «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган компетенциялардын алкагында виртуалдык активдер рыногун мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде жөнгө салынуучу субъекттердин ишине жана отчеттуулугуна карата талаптарды белгилөө;
4) виртуалдык активдер рыногу чөйрөсүндө, анын ичинде убактылуу жөнгө салуунун (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн) алкагында лицензиялоону/уруксат документтерин берүүнү жүзөгө ашыруу;
5) виртуалдык активдер рыногунун жөнгө салынуучу субъекттерине белгиленген тартипте таасир этүү чараларын колдонуу;
6) виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү максатында эл аралык стандарттарды киргизүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
7) виртуалдык активдер рыногунун керектөөчүлөрүнүн жана виртуалдык активдердин кармоочуларынын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;
8) виртуалдык активдердин дүйнөлүк рыногуна интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү;
9) виртуалдык активдер чөйрөсүндө (жөнгө салуучу пилоттук чөйрө) инновациялык продукттарды жана чечимдерди коопсуз тестирлөө үчүн укуктук жана институттук негизди түзүү;
10) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш (мындан ары – Кеңеш) тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо, Кеңештин ишине жана чечимдерине тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик органдар, уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо.
4-глава. ВАУАнын функциялары
12. ВАУА төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү жана иштөөсү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдерди жөнгө салуу, эмиссия (чыгаруу), жүгүртүү жана мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана башка программаларды иштеп чыгат, алардын ишке ашырылышына көмөктөшөт;
3) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү жана иштеши боюнча башка мамлекеттик органдар, эл аралык институттар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана координацияны жүзөгө ашырат;
4) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу), жүгүртүү жана алардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо маселелери боюнча мыйзамдарды андан ары өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
5) виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, коррупцияга каршы жана техникалык экспертиза жүргүзөт;
6) виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгаруу) жана жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасын түзүүгө катышат;
7) лицензиялоону жана уруксат документтерин берүүнү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында жүзөгө ашырат;
8) Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата таасир этүү, анын ичинде лицензияларды жана/же уруксаттарды токтотуп туруу, калыбына келтирүү, жокко чыгаруу жана чакыртып алуу чараларын көрөт;
9) виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгарууну) мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат же мамлекеттик каттоодон баш тартат, виртуалдык активдердин чыгарылышын карайт жана каттайт, Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин виртуалдык активдерин чыгаруу ак кагазын каттайт, виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) болгон/болбогон же жараксыз деп тааныйт, ошондой эле виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгарууну) токтотуп турат жана жокко чыгарат;
10) виртуалдык активдердин эмитенттерине, майнерлерге жана виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө карата талаптарды иштеп чыгат, ошондой эле виртуалдык активдер рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин катышуучулары (акционерлери) жана кызмат адамдары (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды жана башка юридикалык жактарды кошпогондо) өзгөргөн учурда макулдашууну жүзөгө ашырат же макулдашуудан баш тартат;
11) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү улуттук стандарттарды жана классификацияларды иштеп чыгат жана ишке киргизет;
12) Виртуалдык активдердин эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт, анын ичинде виртуалдык активдер рыногунда берилген, токтотуп турулган, калыбына келтирилген, токтотулган жана жокко чыгарылган лицензиялардын жана/же уруксаттардын реестрин жүргүзөт;
13) виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери жана алар менен байланышкан санариптик технологиялар боюнча эл аралык аянтчаларда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат, ошондой эле виртуалдык активдер, криптоэкосистема жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк кеңештер, эл аралык уюмдар жана компаниялар менен кызматташат;
14) мурда Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдеринин эмиссиясы (чыгаруу) жана жүгүртүү чөйрөсүндө көрсөтүлбөгөн жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылдыгын эске алуу менен инновациялык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуучу режимди түзүүнүн тартибин, ошондой эле атайын жөнгө салуучу режимге катышуунун тартибин жана катышуучуларга карата талаптарды аныктоо боюнча сунуштарды берет;
15) атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык чечимдерди жана технологияларды апробациялоо үчүн пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну демилгелейт;
16) майнинг-пулду түзүү жана иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырат;
17) Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана сунуштарды киргизет, анын ичинде рыноктун жөнгө салынуучу субъекттерине карата милдеттүү талаптарды белгилөө (уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү, капиталды түзүү булактары, менчик түзүмү жана бенефициардык ээлери, Кыргыз Республикасынын аймагында сервердик инфратүзүмдү жайгаштыруу, кибер коопсуздукту, ички контролдоо системасын, тобокелдиктерди башкаруу системасын камсыз кылуу, маалыматтарды сактоо жана отчеттуулук, жетекчилердин жана ээлеринин иштиктүү беделине карата талаптарды белгилөө ж. б.) жана виртуалдык активдердин жүгүртүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, коррупцияга каршы жана техникалык экспертиза жүргүзөт;
18) Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык майнингди жүзөгө ашырууга сертификаттарды берет, Жамааттык майнингдин бирдиктүү мамлекеттик системасында каттоону жүзөгө ашырат, лицензияларды/уруксат документтерин берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат, лицензияга чейинки текшерүүнү жана талдоону жүргүзөт (лицензияларды берүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана кароо, арыз ээсинин лицензиялык талаптарга ылайык келишин талдоо, бизнес-планды, финансылык моделди жана каражат булактарын талдоо, техникалык инфратүзүмдү жана IT-коопсуздугун текшерүү, макулдашууларды жүргүзүү жана башка мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөтүү), ошондой эле жөнгө салынуучу субъекттерден документтерди, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү жана материалдарды, анын ичинде бенефициардык ээлери, капиталды түзүү булактары, катышуучулардын жана кызмат адамдарынын иштиктүү бедели жөнүндө, ошондой эле байланыштуу жактар жөнүндө маалыматтарды сурайт жана алат;
19) виртуалдык активдер чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалыматтарды талдоонун автоматташтырылган системаларынын жана башка санариптик инструменттеринин мониторингинин жыйынтыктарын таасир этүү чараларын колдонууда далил базасы катары колдонот, ошондой эле виртуалдык активдер рыногунун кардарларына, керектөөчүлөрүнө же болбосо туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирген системалуу тобокелдик болгон учурда тиешелүү ченемдик укуктук актыларды ыкчам кабыл алуу формасында ыкчам чара көрүү чараларын колдонот;
20) жөнгө салынуучу субъекттерге карата арыздарды жана даттанууларды карайт жана Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт;
21) жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасында виртуалдык активдердин рыногунун натыйжалуу жана ачык-айкын иштөө принциптерин киргизет;
22) өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында жөнгө салынуучу субъекттер менен кызматташат;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларын окутууну уюштурат;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ВАУАнын иш процессинде түзүлгөн архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте конкурстарды өткөрүүнү жана ВАУАнын муктаждыктары үчүн заказдарды жайгаштырууга, товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик контракттарды түзүүнү уюштурат;
26) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиялары, анын ичинде блокчейн жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого көмөк көрсөтөт;
27) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларын, блокчейнди жана башка ушул сыяктуу инновациялык технологияларды ар түрдүү тармактарга киргизүү жана аларды киргизүүнүн жана колдонуунун натыйжасында келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
28) ВАУАнын компетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтөт жана сотко доолор менен кайрылат;
29) виртуалдык активдерди, токендерди жана башка санариптик инструменттерди соода жана башка платформалардан делистингдөө жөнүндө талапты жөнөтөт;
30) лицензиясыз же каттоосуз жүргүзүлүп жаткан ишти токтотууну талап кылат;
31) Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген жарнактарды таркатууну токтотууну талап кылат;
32) ВАУА тарабынан аныкталган тартипте көрүлгөн таасир этүү чаралары жөнүндө маалыматты расмий сайтка жарыялайт;
33) Кеңештин функцияларын жүзөгө ашырат, Кеңештин ишин, анын ичинде жыйналыштарды даярдоону жана өткөрүүнү, күн тартибин жана чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурууну, ошондой эле протоколдорду жүргүзүүнү камсыз кылат;
34) Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдойт жана мамлекеттик органдар, уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт;
35) Кеңештин мүчөлөрү, профилдик мамлекеттик органдар, ишкер чөйрөлөр жана эксперттик коомдоштук менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
36) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды, демилгелерди жана долбоорлорду Кеңештин кароосуна киргизет;
37) виртуалдык активдер, криптоэкосистема жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк кеңештер, эл аралык уюмдар жана компаниялар менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү жүзөгө ашырат;
38) Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын, ошондой эле Кеңештин катчылыгынын функцияларын ишке ашыруу үчүн жеке жана юридикалык жактар менен, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен макулдашууларды жана келишимдерди түзөт;
39) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө инновациялык санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга көмөк көрсөтөт;
40) жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;
41) Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын ишке ашыруу үчүн жумушчу топторду жана ведомстволор аралык комиссияларды түзөт;
42) виртуалдык активдерге, криптобиржаларга жана блокчейн-технологияларга адистешкен эксперттерди жана консультанттарды ишке тартат;
43) Кеңештин ишине байланыштуу протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди түзүүнү жана сактоону кошо алганда, иш кагаздарын жүргүзөт;
44) Кеңештин төрагасынын жана Кеңештин төрагасынын орун басарынын тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында башка функцияларды жүзөгө ашырат.
5-глава. ВАУАнын жөнгө салынуучу
субъекттерге карата ыйгарым укуктары
13. Өз функцияларын ишке ашыруу максатында ВАУА төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдарды сот органдарына жиберүүгө жана сот өндүрүшүнүн катышуучусунун бардык укуктарынан пайдаланууга;
2) берилген лицензиялардын, уруксаттардын жана сертификаттардын реестрин жүргүзүүгө;
3) жөнгө салынуучу субъекттерден катышуучулардын/ уюмдаштыруучулардын курамы, уставдык капиталдагы үлүшү жөнүндө маалыматты, алардын финансы-экономикалык иши жөнүндө маалыматты, иши жөнүндө учурдагы отчетторду жана өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты суроого жана алууга;
4) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына өз компетенциясы бөлүгүндө мониторинг жүргүзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр талаптарды сактабаган жана (же) бузган учурларда аларга карата таасир этүү чараларын колдонууга;
6) жөнгө салынуучу субъекттерден Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабаган жана (же) бузган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда виртуалдык активдер менен операцияларды токтотуп туруу жана (же) виртуалдык активдерди кармоочуларды эсепке алуу жана сактоо системасындагы өздүк эсептердеги виртуалдык активдердин кыймылын бөгөт коюу жолу менен чектөөгө;
8) виртуалдык активдер рыногунда жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (таасир этүү чараларын колдонуу бөлүгүндө) маселелери боюнча эл аралык форумдарга катышууга жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
9) виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуу маселелери боюнча чет өлкөлүк мамлекеттик органдар жана уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте кызматташууга;
10) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен долбоорлорду иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, башка документтерге кол коюуга катышууга;
11) сунуштамаларды алуу үчүн консультативдик-кеңеш берүүчү органдарды – эксперттик кеңешти түзүүгө, анын курамына иши банктык эмес финансылык рынокту, виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү, жөнгө салынуучу субъекттердин, алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын, коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирет;
12) жумушчу топторду түзүүгө жана мамлекеттик органдардын, виртуалдык активдер рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин өкүлдөрүн, аудит боюнча адистерди, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, коомдук уюмдардын жана (же) жөнгө салынуучу субъекттердин адистерин, ошондой эле эксперттерди виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды, методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жана окутууларды жүргүзүүгө катышууга тартууга (анын ичинде акы төлөөнүүчү негизде);
13) өздөрүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана шарттарда көз карандысыз эксперттерди акы төлөө негизинде тартууга;
14) виртуалдык активдер рыногунун бардык субъекттеринин/катышуучуларынын жана кызыкдар тараптарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргоого;
15) улуттук виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүүгө жана эл аралык коомдоштукка интеграциялоого багытталган чараларды көрүүгө;
16) лицензиясы жана (же) сертификаты токтотулуп турган же жокко чыгарылган жөнгө салынуучу субъектти төмөнкүлөргө милдеттендирүүгө:
– кардарларга лицензияларды жана (же) сертификаттарды токтотуп туруу, жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоого;
– виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн башкаруусунда турган жана кардарларга таандык болгон акча каражаттарын жана (же) башка мүлктү кардарларга кайтарып берүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте кардарлардын болгон тапшырмаларын же операцияларын аткарууга же жокко чыгарууга, же болбосо аларды башка виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүгө өткөрүп берүүгө;
17) эмитент же мындай виртуалдык активдерди ачык сунуштаган жак тарабынан Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуучу мыйзамдары бузулган учурда, виртуалдык активдерди ачык сунуштоонун жыйынтыктары болгон деп таанылганга чейин аны каттоону жокко чыгарууга;
18) эмитент тарабынан Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуучу мыйзамдары бузулган учурда виртуалдык активдерди чыгаруунун жыйынтыктары таанылганга чейин жеке эмиссияда виртуалдык активдерди чыгарууну каттоону жокко чыгарууга;
19) төмөнкү учурларда эмитенттен виртуалдык активдерди чыгаруу жөнүндө чечимдерге/шарттарга, ак кагазга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жазма буйрук берүүгө:
– ак кагазда ачыкка чыгарылууга тийиш болгон жаңы олуттуу маалымат пайда болгондо;
– проспектте жалган же адаштыруучу маалыматтар табылганда же болбосо ак кагазда маалыматты ачыктоодо олуттуу боштуктар болгондо;
– Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына карама-каршы келген фактылар жана маалыматтар аныкталганда;
20) виртуалдык активдерди ачык сунуштаган эмитентке, эгерде виртуалдык активдерди ачык сунуштоо жокко чыгарылса же болбосо виртуалдык активдерди ачык сунуштаган эмитент ак кагазга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизбесе же каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жаңы маалымат камтылган аны алмаштыруучу ак кагазды бербесе, каражаттарды инвесторлорго кайтарып берүүгө жазма буйрук берүүгө;
21) мындай виртуалдык активдердин эмитентин жоюунун натыйжасында виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгарууну) жана (же) ачык сунушту жокко чыгарууга;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жасалган виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө доо менен сот органдарына кайрылууга;
23) виртуалдык активдерди эмиссиясын (чыгарууну) жараксыз деп таануу жөнүндө доо менен сот органдарына кайрылууга (зарыл болгон учурда);
24) виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) реестринде жана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестринде каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
25) виртуалдык активдер чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, юридикалык жана жеке жактардан отчетторду жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кандай болбосун маалыматтарды сурап алууга.
6-глава. ВАУАнын ишин уюштуруу
14. ВАУАны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башчы башкарат.
ВАУАнын башчысы түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш иет.
15. Башчынын бир орун басары болот, ал ВАУАнын башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. ВАУАнын башчысынын жана орун басарынын кызмат орундары саясий мамлекеттик кызмат орундарына кирет.
Башчынын орун басары ВАУАнын башчысына түздөн-түз баш иет жана өз ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
ВАУАнын штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
16. ВАУАнын башчысы:
1) ВАУАнын ишине жалпы жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде ВАУАнын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, белгиленген тартипте ВАУАнын компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерге кол коёт;
3) ВАУАнын атынан расмий документтерге кол коёт;
4) ВАУАнын башчысынын орун басарына өткөрүп берилүүгө тийиш болгон функциялардын жана милдеттердин тизмегин бекитет;
5) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка тартип каралбаса, ВАУАнын милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн болгон ВАУАнын түзүмүн бекитет;
6) ВАУАнын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
7) ВАУАнын штаттык санынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизет;
8) ВАУАнын атынан ишеним каттарды берет;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ВАУАнын мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
10) тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча жетекчинин орун басары менен макулдашып, виртуалдык активдер рыногунда иш жүргүзүү укугуна лицензияларды, уруксаттарды жана сертификаттарды берүү, убактылуу токтотуу, калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат;
11) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
17. ВАУАнын башчысы, анын орун басары жана кызматкерлери өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда мыйзамдуулук, ак ниеттүүлүк, калыстык, ачык-айкындуулук принциптерин, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алууга жана жөнгө салууга байланыштуу талаптарды сактоого милдеттүү.
18. ВАУАнын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат, аларды дайындоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте жүзөгө ашырылат.
19. ВАУА адистештирилген милдеттерди аткаруу жана чечүү үчүн эксперттер жана консультанттар менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө укуктуу.
20. ВАУАнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын, ВАУАнын ички саясатын жана жол-жоболорун, кызматтык этика эрежелерин, маалыматтын купуялуулугун жана маалыматтарды коргоо жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо талаптарын сактоого милдеттүү.
21. ВАУАнын кызматкерлери кызматтык маалыматты жеке максаттарда, ошондой эле үчүнчү жактардын кызыкчылыгында пайдаланууга укугу жок.
7-глава. ВАУАнын финансылары
жана чарбалык иши
22. ВАУАнын ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гранттардын, эл аралык жана башка уюмдардын жардамдарынын, демөөрчүлүк жардамдардын, уюмдардын жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын.
8-глава. Корутунду жоболор
23. ВАУА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
24. ВАУАны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. ВАУА жоюлган учурда ишинин процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.