Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 3-июну № 196
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында жарандардын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, өсүп келе жаткан муундун руханий жана физикалык жактан өнүгүүсү боюнча бир катар чаралар ишке ашырылды. Инсанды ар тараптуу өнүктүрүүдө, заманбап жашоо шарттарына адаптациялоодо дене тарбиянын жана спорттун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана балдар менен жаштардын жаңы баалуулуктарын калыптандырууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу өзгөчө мааниге ээ болууда.
Дүйнөгө белгилүү жана кеңири таралган спорттун түрлөрүнүн бири - шахмат. Кыргыз Республикасында шахмат спорту активдүү өнүгүп жатат, ага "Кыргыз Шахмат Союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин (мындан ары - Кыргыз Шахмат Союзу) иши өбөлгө түзүүдө. Оюнду популярдаштыруу мектеп окуучулары, жаштар жана улуу муундар арасында да жүргүзүлүүдө. Мектеп окуучуларынын жана студенттердин турнирлерин кошо алганда, калктын ар кандай курактагы категорияларынын жана топторунун арасында өлкөнүн биринчиликтери үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Кыргызстандын улуттук курамалары командалык чемпионаттарга, анын ичинде азия биринчиликтерине үзгүлтүксүз катышууда. Жарандарды, өзгөчө балдарды жана жаштарды шахматка спорттун түрү катары тартуу интеллектуалдык потенциалды, аналитикалык жана логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасы эл аралык шахмат демилгелерине кошулду. Кыргыз Шахмат Союзу курамында учурда 200дөн ашык улуттук шахмат федерациясы бар болгон Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДE) мүчөсү болуп саналат. Белгилей кетсек, 2019-жылдын 2-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын шахматты өнүктүрүү жөнүндө атайын резолюциясы кабыл алынып, ага ылайык 20-июль Бүткүл дүйнөлүк шахмат күнү деп жарыяланган. Кыргызстан 2026-жылы Freedom Asian Chess Initiatives (FACI) эл аралык демилгесинин расмий катышуучусу болуп, региондо шахматты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү системалуу кызматташуунун жаңы этабын ачты. Бул демилге Freedom Holding Corp., FIDE жана Asian Chess Federation колдоосу менен ишке ашырылууда. FACI Азия өлкөлөрүндө шахмат инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган жана төмөнкүлөрдү камтыйт: улуттук федерацияларды чыңдоо; машыктыруучулардын жана калыстардын квалификациясын жогорулатуу; окуу-машыгуу жыйындарын жана билим берүү семинарларын өткөрүү; мектептерде шахматты өнүктүрүүгө көмөктөшүү; шахмат турнирлерин; региондо шахматты өнүктүрүүгө багытталган башка иш-чараларды уюштуруу.
Ошону менен бирге эгемендүүлүк жылдарындагы Кыргыз Республикасында шахматтын өнүгүшүн талдоо бул чөйрөдө олуттуу проблемалардын бар экендигин көрсөтүп турат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өлкөдө шахматты өнүктүрүү маселелерине тийиштүү көңүл бурбай жатат. Олуттуу натыйжаларга жетүү, жогорку деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо, өлкөдө турнирлерди, анын ичинде эл аралык шахмат турнирлерин өткөрүү, шахмат боюнча машыктыруучулар мектебин өнүктүрүү, эл аралык мелдештерге катышуу жана шахматты системалуу түрдө өнүктүрүү үчүн таптакыр башка деңгээлдеги ресурстар жана каржылоо талап кылынат, алар шахматты өнүктүрүүгө жана популярдаштырууга мамлекеттин активдүү катышуусу менен гана мүмкүн болот.
Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү системалуу жана комплекстүү мамилени талап кылары анык. Бул шахматты өнүктүрүүнүн милдеттерин жана максаттарын эске алууга, тигил же бул иш-чараларды ишке ашыруунун артыкчылыгын аныктоого, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Шахмат Союзунун ортосунда ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө, шахматты өнүктүрүүгө жана популярдаштырууга коомдук уюмдардын жана коммерциялык түзүмдөрдүн, эл аралык шахмат уюмдарынын катышуусун караштырууга мүмкүндүк берет.
Шахматты калк арасында кеңири пропагандалоо, өсүп келе жаткан муундун интеллектуалдык потенциалын калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү, шахматты спорттун массалык түрүнө айландыруу, шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, таланттуу балдарды тандоо жана республиканын шахмат мектебин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Шахмат Союзу менен биргеликте 2026-жылдын 1-сентябрына чейин 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун комплекстүү улуттук программасынын (мындан ары - Улуттук программа) долбоорун, анын ичинде төмөнкү иш-чараларды кароо менен даярдасын жана бекитүүгө киргизсин:
1) Улуттук программанын максаты - Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү; калктын бардык категориялары жана топтору үчүн шахмат менен машыгуунун массалык формаларын өнүктүрүү; спорттук резервди даярдоо жана кыргыз шахматчыларынын эл аралык спорттук аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
2) Улуттук программанын милдети - балдарды, өспүрүмдөрдү жана жаштарды мүмкүн болушунча максималдуу түрдө шахмат менен системалуу алектенүүгө тартуу; шахматчыларды жана спорттук резервди даярдоо системасын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча курама командаларынын спортчуларын расмий эл аралык мелдештерге даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу; билим берүү уюмдарында шахмат боюнча бөлүмдөрүн ачуу, шаймандарды жана жабдууларды сатып алуу; "Мектептердеги шахмат" жана "Студенттик шахмат лигасы" долбоорлоруна тартуу аркылуу шахмат менен алектенген мектеп окуучуларынын, студенттердин үлүшүн көбөйтүү; шахматты өнүктүрүү үчүн зарыл болгон педагогикалык жана башка кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү; шахматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана инфраструктурасын өнүктүрүү, шахматты өнүктүрүүнүн региондук борборлорун түзүү; шахматты колдоого жана популярдаштырууга багытталган республикалык жана эл аралык шахмат мелдештерин, массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү; шахматтын, анын ичинде анын массалык формаларынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуучу ченемдик укуктук базаны шайкеш келтирүү; шахматты маалыматтык камсыздоо системасын түзүү; шахматты санариптештирүү, онлайн оюн платформаларын жана тиркемелерин, ошондой эле шахматчыларды аралыктан окутуунун формаларын өнүктүрүү;
3) шахматты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары - шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, кыргыз шахматчыларынын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу; балдарды, өспүрүмдөрдү жана жаштарды, ошондой эле орто жана улуу курактагы топторду шахмат менен үзгүлтүксүз алектенүүгө тартуу жолу менен шахмат менен алектенгендердин санын көбөйтүү; шахмат боюнча спорттук калыстарды жана машыктыруучуларды, ошондой эле шахматты өнүктүрүү үчүн зарыл болгон педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын чыңдоо; Кыргыз Шахмат Союзунун, региондордогу шахмат борборлорунун ишине заманбап санариптик технологияларды киргизүү;
4) шахматты өнүктүрүүнү жана популярдаштырууну мамлекеттик колдоо - шахматты өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоону камсыз кылуу; бардык курактагы категориялардын жана топтордун командаларынын катышуусу менен республикада шахмат мелдештерин өткөрүүнүн бирдиктүү системасын киргизүү; шахматты жаңы уюштуруу принциптеринде - клубдук негизде андан ары өнүктүрүү; калктын ар кандай катмарларын, айрыкча балдарды жана өспүрүмдөрдү үзгүлтүксүз шахмат сабактарына массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү; балдар, жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы шахмат мелдештеринин системасын өркүндөтүү; таланттуу жаштарды издөө жана тарбиялоо; калктын шахматка болгон туруктуу кызыгуусун калыптандыруу; Улуттук программаны республикалык бюджеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле бюджеттен тышкары булактардын, анын ичинде эл аралык шахмат уюмдарынын финансылык жардамдарынын эсебинен каржылоону жүзөгө ашыруу; шахмат клубдарынын уюштуруучулары (менчик ээлери) болуп саналган же Улуттук программанын иш-чараларын ишке ашырууда демөөрчүлүк колдоо көрсөткөн юридикалык жактарга салыктык жана башка жеңилдиктерди берүү;
5) Улуттук программаны ишке ашыруунун максаттуу көрсөткүчтөрү - кыргыз шахматчыларынын шахмат боюнча эл аралык мелдештердеги жетишкендиктеринин деңгээли, шахмат боюнча расмий эл аралык мелдештерде Кыргыз Республикасынын курама командаларынын алган медалдарынын саны; шахмат менен алектенгендердин масштабы жана саны; шахмат боюнча машыктыруучулардын, окутуучулардын саны; региондук шахмат борборлорунун саны; шахмат сабактарынын, анын ичинде аймактык шахмат борборлору тарабынан өткөрүлүүчү массалык формаларын киргизүү боюнча уюштуруу иш-чараларынын саны; калктын ар кандай курактык категорияларынын жана топторунун арасында, анын ичинде билим берүү уюмдарында окуган адамдардын арасында иш-чаралардын саны; шахмат боюнча спорттук калыстардын саны; шахмат боюнча машыктыруучулардын, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын саны, аларды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү (жылына саны); шахмат боюнча илимий-методикалык иштелмелердин саны; региондук шахматты өнүктүрүү борборлорунун саны; "Мектептердеги шахмат" долбоорун ишке ашыруу, "Студенттик шахмат лигасын" түзүү;
6) Улуттук программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар;
7) Улуттук программаны ишке ашыруу механизми;
8) Улуттук программаны ишке ашыруунун мөөнөттөрү жана этаптары;
9) Улуттук программанын аткарылышын контролдоону уюштуруу - Улуттук программаны ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Шахмат Союзунун жыйналыштарында, илимий-практикалык конференцияларда каралат.
Белгиленген иш-чаралардын аткарылышын үзгүлтүксүз контролдоо, алынган маалыматтарга жалпыланган талдоо жүргүзүү зарыл болгон учурда Улуттук программаны өз убагында түзөтүүгө мүмкүндүк берет.
Улуттук программаны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга төмөндөгүлөр өбөлгө түзөт: Улуттук программанын иш-чараларынын аткарылышы жана программанын катышуучуларынын өзүнө алган милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз жана ачык жарыялоо; бюджеттик эмес жана кредиттик ресурстарды тартуу тажрыйбасын жалпылоо жана талдоо, Улуттук программанын катышуучулары үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу.
3. Кыргыз Шахмат Союзу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Улуттук программанын иш-чараларынын өз убагында аткарылышы, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын сарамжалдуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
4. Заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө, шахматты өнүктүрүүгө жана популярдаштырууга көмөктөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 100000000 (жүз миллион) сом бөлүү менен Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фонду түзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондунун каражаттарын түзүүнүн булагы болуп жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык шахмат уюмдарынын - Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ), Азия шахмат федерациясынын (АШФ), ошондой эле чет өлкөлөрдүн шахмат уюмдарынын (федерациялардын, ассоциациялардын), эл аралык демөөрчүлөрдүн, донорлордун финансылык жардамы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар эсептелет деп белгиленсин.
6. Кыргыз Шахмат Союзу эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондунун уставын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө киргизсин.
7. Кыргыз Республикасындагы 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 3-5-класстардын окуучулары, билим алуучулары үчүн шахмат ийримдеринде кошумча билим берүү - "Мектептердеги шахмат" долбоору пилоттук режимде киргизилсин.
8. "Мектептердеги шахмат" пилоттук долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү - кийин натыйжалуулугун баалоо жана долбоорду Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарына жайылтуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен 1 жыл деп аныкталсын.
9. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:
1) пилоттук долбоордун катышуучулары - 500 жалпы билим берүү уюмунун тизмегин бекитсин;
2) 3-5-класстардын окуучуларына шахмат ийримдери үчүн кошумча билим берүүнүн типтүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
3) шахмат ийримдерин жүргүзүү үчүн педагогикалык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылсын;
4) пилоттук долбоордун натыйжаларына 10 ай өткөндөн кийин мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштурсун.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине ушул Жарлыкта 2026-2027-жылдарга каралган "Мектептердеги шахмат" пилоттук долбоорунун иш-чараларын ишке ашырууга, анын ичинде шахмат ийримдеринин окутуучуларына эмгек акы төлөөгө, шахмат шаймандарын, окуу-методикалык материалдарды сатып алууга, ошондой эле уюштуруу иш-чараларын өткөрүүгө 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 350800000 (үч жүз элүү миллион сегиз жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын карасын жана бөлүп берсин.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Улуттук программаны ишке ашыруунун координаторлору болуп саналат деп белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги өлкөдө шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу маселелерин, шахмат клубдарынын, шахмат мектептеринин, шахмат боюнча окутуучулардын жана машыктыруучулардын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз жана кеңири чагылдырсын.
13. Жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Шахмат Союзунун сунушу менен тапшырылуучу "Жылдын мыкты шахматчысы", "Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу" деген Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын сыйлыктары уюштурулсун.
14. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
15. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |