РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 401-т «Беларусь Республикасынын Витебск облустук аткаруу комитети менен Ысык-Көл облусунун кызматташуу жөнүндө макулдашуусунун долбоору жөнүндө» тескемеси

Редакция04.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

 

2026-жылдын 4-июну № 401-т

 

 

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасы менен региондор аралык кызматташуусун өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Беларусь Республикасынын Витебск облустук аткаруу комитетинин ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                                                  А.А. Касымалиев