Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын “16” майындагы № 225 токтому менен бекитилген |
Кызматкерлерди ишке кирүүдө милдеттүү түрдө алдын ала жана
мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүү жөнүндө
нускама
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 418 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Медициналык кароолорду жүргүзүү тартиби
Кесиби менен байланышкан оору аныкталган учурда медициналык текшерүү жүргүзүү тартиби
Милдеттер жана жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама менчигинин түрүнө карабастан, иштери тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана тиричиликтик жактан тейлөө менен байланышкан жана ден соолук үчүн зыяндуу болгон эмгек шарттарында иштеген кызматкерлер ишке кирген учурда милдеттүү түрдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароону уюштурууда жана өткөрүүдө саламаттык сактоо органдары жана мекемелери жетекчиликке алуу үчүн арналган жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде жана "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Ишке кирүүдө алдын ала медициналык кароо жүргүзүүнүн максаты болуп кызматкерлердин ден соолугунун аларга тапшырылуучу ишке ылайык келишин аныктоо саналат.
Мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду жүргүзүүнүн максаты болуп кесиптик зыяндуулуктун таасир этүү шартында кызматкерлердин ден соолугуна динамикалуу байкоо жүргүзүү, зыяндуу кооптуу заттар жана өндүрүштүк факторлор менен ишти улантууга тоскоолдук болуучу кесиптик оорулардын алгачкы белгилерин алдын алуу да өз учурунда аныктоо, кокусунан болгон кырсыктын алдын алуу, ошондой эле кызматкерлердин ден соолугун сактоого жана эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө багытталган алдын ала жана реабилитациялык иш-чараларды өз убагында жүргүзүү саналат.
3. Ишке кирүүдө алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өндүрүштө кооптуу зыяндуу заттардын жана өндүрүштүн жагымсыз факторлорунун таасирине кабылышы мүмкүн болгон адамдар өтүүгө тийиш.
Алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолор мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт.
Психиатрдын кароосу текшерилүүчүнүн туруктуу катталган жери боюнча психоневрологиялык диспансерде (бөлүмдө, кабинетте) жүргүзүлөт.
4. Кызматкерлерди алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүүгө акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5. Иш берүүчүнүн каалоосу боюнча жана анын каражатынын эсебинен алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолор саламаттык сактоо уюму менен келишим боюнча кеңейтилген программа менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду (текшерүүлөрдү) жүргүзүүнүн жыштыгы конкреттүү санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык учурга жана тийиштүү контингенттин иштеген жерине жараша иш берүүчү менен бирге коомдук саламаттык сактоо органдары тарабынан аныкталат.
7. Медициналык кароолорду өткөрүү иш берүүчү менен медициналык уюмдун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууга тийиш.
2. Медициналык кароолорду жүргүзүү тартиби
8. Кызматкер алдын ала (кезексиз) медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүү үчүн төмөнкүлөрдү берет:
- иш берүүчү тарабынан берилген жолдомо кагазды, анда зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордун тизмеси жана ишти аткарууда кызматкерлердин алдын ала жана мезгил-мезгили менен кароодон өтүшү милдеттүү болгон иштер көрсөтүлөт;
- анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти;
- мурдагы иштеген жери боюнча мезгил-мезгили менен кароолордун жыйынтыктары менен амбулатордук картаны же анын көчүрмөсүн, зарыл учурда - врачтык психиатриялык комиссиянын чечимин.
9. Иш берүүчү (Мамлекеттик санитариялык-эпидемиялык көзөмөл борборунун (мындан ары - МСЭКБ) адисинин жардамы менен контингентти аныктайт жана участокторду, цехтерди, өндүрүштөрдү, кызматкерлерге таасир этүүчү зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлорду көрсөтүп, мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүгө тийиш адамдардын аттары жазылган тизмесин түзөт жана аймактык МСЭКБ менен макулдашкандан кийин аны кароо башталганга чейин 2 ай мурда саламаттык сактоо уюмуна жөнөтөт.
10. Саламаттык сактоо уюму иш берүүчүдөн алынган тизменин негизинде медициналык кароону (текшерүүнү) жүргүзүүнүн календардык планын иш берүүчү менен макулдашат жана бекитет.
11. Алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду (текшерүүлөрдү) жүргүзүүчү саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси комиссиянын курамын жана медициналык кароону жүргүзүүгө жооптуу адамды дайындоону буйрук менен бекитет.
12. Медициналык кароолор ишкананын, уюмдун жайгашкан жери боюнча саламаттык сактоонун аймактык уюмдарында жүргүзүлөт.
13. Зыяндуу иштерде, зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлор бар иштерде беш жана андан ашык жыл бою иштеген кызматкерлер адистештирилген бөлүмү бар республикалык саламаттык сактоо уюмуна кесиптик жарактуулугуна жана кесибинин оору менен байланышына экспертизадан өтүүгө беш жылда бир жолу жиберилет.
14. Медициналык кароого келишине жоопкерчиликти ишкананын, мекеменин администрациясы, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тартат.
15. Медициналык кароонун маалыматтары амбулатордук медициналык картага жазылат. Карап чыгууга катышкан ар бир врач кесиптик жарактуулугу жөнүндө жыйынтык чыгарат жана көрсөткүчтөр болгондо дарылоо-алдын алуу иш-чараларын дайындайт. Өзүнчө баракка кызматкердин кесиптик маршрутунун маалыматтары (ишкана, цех, участок, кесиби, стажы, зыяндуулугу, кооптуу заттар жана өндүрүштүк факторлор) жана ден соолугунун тапшырылган ишке ылайык келиши жөнүндө акыркы корутунду же башка корутундулар (башка ишке убактылуу же туруктуу которуу жөнүндө) жазылат. Эмгек иши өзгөргөн учурда баракка тактоолор жана толуктоолор жазылат.
16. Саламаттык сактоо уюмдары (саламаттык сактоо пункту, Үй-бүлөлүк медицина борбору, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, МСЭКБ, иш берүүчүнүн өкүлү, ишкананын профсоюздук комитети менен бирге кызматкерлерди алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүүнүн жыйынтыктарын жалпылайт жана анын жыйынтыгы боюнча 4 нускада жыйынтыктоочу акт түзөт.
17. Алдын ала же мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөн, кооптуу жана зыяндуу заттар жана өндүрүштүк факторлор менен иштөөгө жарактуу деп табылган кызматкерлерге тиешелүү корутунду берилет, ага саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кол коет жана мөөр басылат.
Жеке уруксат берилген учурда аталган корутундуга протезди, угуу аппаратын, көз айнекти ж.б. милдеттүү түрдө колдонуу жөнүндө маалыматтар жазылат.
Медициналык каршы көрсөткүчтөр аныкталганда саламаттык сактоо уюму бул жөнүндө иш берүүчүгө дароо билдирүүгө жана үч күндүк мөөнөттө ага корутундунун көчүрмөсүн салып жиберүүгө милдеттүү.
18. Кооптуу жана зыяндуу заттар жана өндүрүштүк факторлор менен иштөөгө болбой турган кызматкерлерге же чыр-чатак учурларында колуна адистештирилген бөлүмү бар саламаттык сактоо уюмунда жетекчинин буйругу менен түзүлгөн клиникалык-эксперттик комиссиянын корутундусу берилет жана медициналык кароого жолдомо кагаз берген иш берүүчүгө 3 күндүк мөөнөттө көчүрмөсү жиберилет.
19. Вахта методунун кызматкерлерин алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароону вахталардын туруктуу медициналык тейленген жери же алардын жайгашкан жери боюнча саламаттык сактоо уюму жүргүзөт, мында вахта уюмунун администрациясы каржылоо маселесин чечиши керек.
20. Алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөн кызматкерлерге ошондой эле эмгек шарттары жана өндүрүштүк факторлор менен башка ишке которууда зарыл документтер мурдагы кароонун маалыматтарынын негизинде дарылоочу врач тарабынан таризделет, ал эми экинчи жолку медициналык кароо белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
21. Алгачкы жана мезгил-мезгили менен профилактикалык наркологиялык кароодон өтүшү милдеттүү болгон кызматкерлер Медициналык кароо боюнча комиссияга профилактикалык наркологиялык кароодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат тапшырышы керек.
Алдын ала жана мезгил-мезгили менен психиатриялык кароодон өтүшү милдеттүү болгон кызматкерлер Медициналык кароо боюнча комиссияга алдын ала (мезгил-мезгили менен) психиатриялык кароодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат тапшырышы керек.
Иш берүүчүлөр кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда медициналык кайрадан текшерилүүгө (катуу ооругандан, мертинүү алгандан ж.б. кийин) жиберүүгө укуктуу, мөөнөтүнөн мурда кароого жиберүү үчүн жүйө жолдомодо көрсөтүлүүгө тийиш.
Зыяндуу жана/же кооптуу өндүрүштүк факторлору бар жумушта иштеген кызматкер медициналык уюмда дарыланган учурда, медициналык уюм дарылоо аяктагандан кийин ага оорусунун кандай болгондугун эске алуу менен мурунку иш шартында ишин улантуу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө корутунду берүүгө жана убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасына тиешелүү белги коюуга милдеттүү.
Кесиби менен байланышкан оору аныкталган учурда
медициналык текшерүү жүргүзүү тартиби
22. Медициналык кароодон өтүп жатканда же кайрылганда кызматкерден кесиптик оору белгилери аныкталса, саламаттык сактоо уюму аны оорунун кесиптик иши менен байланышын тактоо жана аныктоо максатында атайын текшерүү үчүн адистештирилген бөлүмү бар республикалык саламаттык сактоо уюмуна белгиленген тартипте жиберет (оорунун кесиптик мүнөзүн аныктоо укугу адистештирилген бөлүмү бар республикалык саламаттык сактоо уюмуна берилген).
23. Адистештирилген бөлүмү бар республикалык саламаттык сактоо уюму оорунун кесип менен байланышын аныктоодо медициналык корутунду түзөт жана 3 күндүк мөөнөттө МСЭКБга, иш берүүчүгө, камсыздандыруучуга жана кызматкерди жиберген саламаттык сактоо уюмуна билдирүү жиберет.
24. Жугуштуу же мите оорусунун диагнозун тактоо же ырастоо инфекциялык стационарда патология профили боюнча жүргүзүлөт. Жугуштуу же мите оорусунун кесиптик иш менен байланышын аныктоо инфекционист-врачтын жана эпидемиологдун милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Жугуштуу же мите оорусун жуктуруп алуунун кесиптик мүнөзүн ырастоочу негизги документ болуп эпидемиологиялык текшерүү картасы саналат.
25. Кесиптик оорулары аныкталган же кесиптик факторлор менен байланышкан ден соолугу начар адамдар адистештирилген бөлүмү бар республикалык саламаттык сактоо уюмунун кесиптик оорулар боюнча врачында жана адисинде диспансердик каттоодо турууга тийиш.
Милдеттер жана жоопкерчилик
26. Иш берүүчү (уюмдун, ишкананын жетекчиси):
- контингентти аныктайт жана участокторду, цехтерди, өндүрүштөрдү, кызматкерлерге таасир этүүчү зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлорду көрсөтүп, мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүгө тийиш адамдардын аттары жазылган тизмесин түзөт жана аймактык МСЭКБлар менен макулдашкандан кийин аны кароо башталганга чейин 2 ай мурда мезгилде медициналык кароо өткөрүү үчүн саламаттык сактоо уюмуна жиберет;
- ушул нускаманын 8-пунктуна ылайык кызматкерлерге зарыл маалыматтарды колуна берип, аларды медициналык кароого, ошондой эле көрсөтмөлөр болгон учурда кезексиз медициналык кароого өз учурунда жөнөтөт;
- алдын ала же мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтпөгөн же медициналык көрсөткүчтөр боюнча иштөөгө тыюу салынган адамдарды иштеткендиги үчүн жоопкерчилик тартат;
- алдын ала медициналык кароого жөнөтүлүүчү адамдарды жолдомо кагаздын бланктары менен камсыз кылат, анда медициналык текшерүүнүн натыйжалары жана ишти аткаруу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду жазылат.
27. Жогорку жана орто окуу жайларынын, ошондой эле кесиптик-техникалык окуу жайлардын, курстардын, кесиптик даярдоо боюнча мектептердин жетекчилери абитуриенттер өзүнүн иши боюнча кооптуу зыяндуу заттардын жана өндүрүштүк факторлордун таасирине кабылса, анда аларды алдын ала медициналык кароого жиберет.
28. Текшерилүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- медициналык кароого өз убагында келүүгө;
- жанында жолдомо кагазды, паспортун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документин алып жүрүүгө;
- жиберген уюмдун иш берүүчүсүнө көрсөтүү үчүн медициналык корутунду алууга.
29. Саламаттык сактоо уюмдары Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачы - дагы бир жолу:
- кызматкер кайрылган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө талап кылынган көлөмгө ылайык ар бир текшерилүүчүгө жеке түрдө медициналык кароону жүргүзүүнү камсыз кылат;
- бул саламаттык сактоо уюмунун (саламаттык сактоо пункту) мүмкүнчүлүгүнөн сырткары кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл учурда башка адистерди же саламаттык сактоо уюмдарын тартуу жөнүндө маселени чечет;
- медициналык кароонун сапатына жана корутундулардын негиздүүлүгүнө, зарыл диспансердик текшерүү жүргүзүүгө жана пациентте жалпы оорулар же ден соолугунун начарлашы аныкталса, аны медициналык экспертиза жана кошумча диагностикалык, дарылоо жана реабилитациялык иш-чараларды өткөрүү үчүн кесиптик борборго же башка адистештирилген уюмга жиберүүгө администрациялык жана юридикалык жоопкерчилик тартат.
30. Медициналык кароонун натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу акт 30 күндүн ичинде иш берүүчүгө жана МСЭКБга аткаруу жана контролдоо үчүн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилиши керек.
31. Коомдук саламаттык сактоо кызматынын уюму (МСЭКБ):
- администрация (иш берүүчү) менен бирге кызматкерлерге таасир этүүчү кооптуу зыяндуу заттардын жана өндүрүштүк факторлордун тизмесин көрсөтүү менен алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүгө тийиш адамдардын контингентин аныктайт;
- иш берүүчү менен бирге конкреттүү санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык учурга жараша же экспертизалоо тартибинде тизмеде көрсөтүлгөнгө караганда көбүрөөк мезгил-мезгили менен медициналык кароо жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө корутунду чыгарат, мөөнөтүнөн мурда медициналык кароо жүргүзүүнүн себеби жолдомо кагазда көрсөтүлөт;
- саламаттык сактоо уюмунун суроо-талабы боюнча оорунун кесип менен байланышын аныктоо максатында саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органына жиберүү үчүн кызматкердин эмгек шартынын санитардык-гигиеналык мүнөздөмөсүн түзөт.
32. Кыргыз Республикасында декреттелген контингенттин кызматкерлерин санариптик технологиялык системаларды колдонуу менен медициналык кароолорду уюштуруу жана өткөрүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 418 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Декреттелген контингенттин кызматкерлерин санариптик технологиялык системаларды колдонуу менен медициналык кароолордун натыйжалары электрондук медициналык китепчеге таризделет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 418 токтомунун редакциясына ылайык)