Редакцияот 19.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ⅷ чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2025-жылдын 19-ноябры №12-4

Он-Эки Бел айылынын тургуну Г.Абдрахмановдун арызын кароо жөнүндө

Он-Эки Бел айылынын тургуну Абдырахманов Газыбек Төлөновичтин арызына негиз, турак-жай багытындагы 1500 м/кв жер участкасынын жер аянтынын ичинен 100м/кв жер тилкесинин багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши  токтом кылат:

1.    Он-Эки Бел айылынын тургуну Абдырахманов Газыбек Төлөновичтин арызына негиз, турак-жай багытындагы 1500 м/кв жер участкасынын жер аянтынын ичинен 100 м/кв жер тилкесинин багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.    Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.

3.    Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.    Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.    Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6.    Архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Р. Арапов