Редакцияот 13.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XVI СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 13-ноябры   № 16/3

 

Дөбөлү  айыл  аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча адисинин баяндамасын угуп жана талкуулап  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомдору биздин айыл аймактын менталитеттине азырынча туура келбегиндигине байланыштуу жобону бекитип берүүдөн баш тартылсын.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Б. Шералиев