Редакцияот 15.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын

 

№14-1 Токтому

 

2026-жылдын 15-майы Баш-Булак айылы

 

Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы “Биринчи” көчөсүнө «Кулджа Муратов» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө

                                                                                              

Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Садырбай айылынын тургуну Кулджа Муратовдун иниси Муратов Айбектин арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылындагы “Биринчи” көчөсүнө Улуу Ата-Мекндик согуштун катышуучусу “Кулджа Муратов” атындагы көчө деп ысым берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3.    Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

 

А. Бакиров