Редакцияот 11.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XVIII СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 11-декабры   № 18/4

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 3 680 000 (үч миллион алты жүз сексен миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылынын ички көчөлөрүнө күн чырак орнотуу” долбоору жактырылсын.

 

2.    Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 3 680 000 (үч миллион алты жүз сексен миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

  

Төрага

Б. Шералиев