Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 5-июну № 81
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 57-берененин 2-бөлүгүндө «4-бөлүгүндө» деген сөздөр «4 жана 5-бөлүктөрүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 63-беренеде:
а) 4-бөлүк «өзгөчө субъекти тарабынан» деген сөздѳрдѳн кийин «ушул Кодекстин 312-беренесинде каралган кылмыштар, ошондой эле» деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
«Эскертүү. Ушул Кодекстин 312 жана 315-беренелеринде каралган белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү кошумча жаза транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө колдонулат.»;
3) 82-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту «173-беренелеринде,» деген сөздөрдөн кийин «312-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө» деген сөздөр менен толукталсын»;
4) 312-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«312-берене. Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу
1. Транспорт каражатын башкарган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун этиятсыздыктан ден соолугуна анча оор эмес залал келтирген коопсуздук эрежелерин бузуу –
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 800дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген ошол эле жосун – 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун – алты жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрдө каралган, алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жасалган жосундар –
алты жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жасалган жосундар –
тогуз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 211, 312 − 316-беренелеринде транспорт каражаттары деп аларды башкарууга жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын башкаруу укугу берилген транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү түшүнүлөт.»;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 312-1-берене менен толукталсын:
«312-1-берене. Укук бузгандыгы үчүн мурда жаза чарасы колдонулган, мас абалындагы адамдын транспорт каражатын башкаруусу
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүндө каралган укук бузуулар үчүн мурда жаза чарасына тартылган адам жаза чарасын аткаруу аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун же болбосо башка маң кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында транспорт каражатын башкаруусу −
белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен 1000ден 1500 эсептик көрсөткүчкѳ чейин айып пул салууга же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
2-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 28-берененин 31-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 31-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы «149,» деген цифралардан кийин «193,» деген цифралар менен толукталсын;
3) 31-1-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 37-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«37-берене. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөрдүн блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу
1. Транспорт каражатын адистештирилген унаа токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоого төмөнкү негиздердин жок дегенде бирөөсү болгондо гана жол берилет:
1) эгер транспорт каражаты темир жолдо, туннелде, көпүрөдө же эстакадада, жөө жүрүүчүнүн өткѳѳлүндѳ, көрүнүшү чектелген жол кесилишинде калтырылса, ошондой эле эгер транспорт каражаты жол транспорт кырсыгынын катышуучусу болсо;
2) шашылыш, укук коргоо жана коммуналдык кызматтардын, ошондой эле коомдук транспорттун иштөөсүнө тоскоолдук жаратуу, анын ичинде подъезддерге жана чакыруу болгон жерлерге өтмөктөргө, авариялык чыкмактарга, өрт гидранттарына, авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүчү жерлерге жана рельс жолдоруна бөгөт коюу;
3) майыптыгы бар адамдарга арналган орундарды ээлөө, тротуарларды, пандустарды жана тактилдик жолдорду тосуу;
4) авариялык же оңдоо иштерине байланыштуу кыймылга убактылуу чектѳѳ киргизилген участокто транспорт каражаты калтырылса.
2. Дөңгөлөктөрдү блокировкалоо айдоочу жол кыймылынын эрежелерин жана автомобиль жолдорун пайдалануу жана коргоо тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларды бузган учурда, транспорт каражатын кыймылга келтирүү мүмкүнчүлүгүн (дөңгөлөктүн айлануусун) жокко чыгарган техникалык каражаттарды транспорт каражатына мажбурлап орнотуудан турат.
Шаймандардын башка түрлөрү рулдук башкарууну жана газ педалдарын блокировкалоо үчүн колдонулат (мотоциклдер, трициклдер, квадроциклдер жана башка мототранспорт үчүн).
3. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тийиштүү сайтка маалыматты жайгаштыруу аркылуу транспорт каражатынын турган жери жөнүндө менчик ээсине кабар берилет, бул тууралуу маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (АМТ) киргизилет. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду колдонуу тууралуу укук бузуу жөнүндө протоколдо тиешелүү белги коюлат.
4. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана аны сактоо боюнча чыгымдардын орду укук бузууну жасаган адам тарабынан толтурулат.
5. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, адистештирилген унаа токтотуучу жайга алып баруу, аны сактоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.»;
5) 38-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта «айдоочулук күбөлүгү» деген сөздөр «транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта «айдоочулук күбөлүктү» деген сөздөр «транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 39-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«39-берене. Атайын укуктан ажыратуу
1. Адамга берилген атайын укуктан (транспорт каражаттарын башкаруу укугу, аңчылык кылуу укугу, лицензия ж.б.) ажыратуу аталган укукту пайдалануунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн кошумча укуктук кесепет катары колдонулат.
2. Адам бир жыл ичинде ушул Кодекстин 95, 131, 147, 427 жана 428-беренелеринде каралган укук бузууларды эки же андан көп жолу жасаган, ошондой эле бир жыл ичинде башка укук бузууларды үч же андан көп жолу жасаган учурда, атайын укуктан ажыратуу түрүндөгү кошумча укуктук кесепетти колдонуу жѳнүндѳ маселе демилгеленет.
3. Ушул Кодекстин 21-главасында жана 449-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн атайын укуктан ажыратуу тийиштүү берененин санкциясына ылайык дайындалат.
4. Адамды атайын укуктан ажыратуу мындай укукту берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Кодекстин 572-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.»;
7) 50-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«50-берене. Жаза чаралардын жана кошумча укуктук кесепеттердин мөөнөттөрүн эсептөө
Жаза чаралардын жана кошумча укуктук кесепеттердин мөөнөттөрү саат, күн, сутка, ай жана жыл менен эсептелет.»;
8) 184-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«184-берене. Транспорт каражаттарын документи жок башкаруу
1. Айдоочунун транспорт каражатын транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү жок же болбосо тиешелүү категориясыз же транспорт каражатын каттоочу документи, же болбосо жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы жок башкаруусу –
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин транспорт каражатын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну тастыктаган, мыйзамдарда каралган документи жок башкаруусу –
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын, ага тете укугу убактылуу токтотулган адамдын транспорт каражатын башкаруусу, же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга мындай транспорт каражатын башкарууга берүүсү – жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан мурда ажыратылган адамдын транспорт каражатын башкаруусу −
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул берененин жоболору мыйзамдарда белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоо боюнча окутуучу курстардан өтүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.»;
9) 186-берененин аталышында жана 1-бөлүгүндө «айдоочулук күбөлүктү» деген сөздөр «транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 189-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
11) 190-берененин аталышында жана 1-бөлүгүндө «мопедди,» деген сөз алып салынсын;
12) 192-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«192-берене. Жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу
1. Ушул Кодексте каралгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу –
эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулуусуна алып келген жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бузуу –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, жол транспорт кырсыгынын катышуучусу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуу менен таштап кетсе –
жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, кандай болбосун транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам өзү катышуучусу болуп саналган жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетсе –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражатынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды (ашырууларын) фото жана видео фиксациялоо функциясы бар атайын техникалык каражаттар орнотулган жол участокторунда жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Жол транспорт кырсыгынын катышуучусу бул кырсык тууралуу кабарлоону милдеттүү камсыздандыруу жѳнүндѳ мыйзамдарга ылайык биргелешип түзүү укугун колдонгон шартта, жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам ушул берене менен каралган, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес.»;
13) 193-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«193-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу,
мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү
1. Алкоголдук, баңгизат каражаттарынын, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалда болушкан айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын автотранспорт каражатын башкаруусу –
жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан эки жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок, транспорт каражатын башкарган адамдын белгиленген тартипте мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу – жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Автомототранспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалдагы же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамды автомототранспорт каражатын башкарууга жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун же болбосо ээсинин мас абалдагы адамга аны башкарууга берүүсү –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан материалдык зыян же болбосо адамдын ден соолугуна залал келтирүүгө алып келген жосун, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазага тартуучу жосундун белгилери жок болсо – жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.»;
14) 449-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
15) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда «189-берененин 2-бөлүгү, 192-берененин 4-бөлүгү, 193-берененин 1–21, 4−5-бөлүктөрү» деген сөздөр жана «449-берененин 2-бөлүгү» деген сөздөр алып салынсын;
16) 456-беренеде:
a) биринчи абзацта «182–188-беренелери, 189-беренесинин 1-бөлүгү, 190, 191-беренелери, 192-беренесинин 1–3-бөлүктөрү, 193-беренесинин 3 жана 6-бөлүктөрү, 194–201» жана «447, 448-беренелери, 449-берененин 1-бөлүгү, 450-беренеси» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «182–201» жана «447–450-беренелери» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) экинчи абзацта «189-беренесинин 2-бөлүгүндө, 192-беренесинин 4-бөлүгүндө, 193-беренесинин 1–21, 4–5-бөлүктөрүндө,» жана «, 449-беренесинин 2-бөлүгүндө» деген сөздөр алып салынсын;
17) 513-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Мындай каражаттарды ыйгарым укуктуу органдын атайын транспорттук жана башка каражаттарында колдонууну кошпогондо, автоматтык режимде иштеген, укук бузууларды белгилөө үчүн фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттарды колдонууга тиешелүү жол белгилери милдеттүү түрдө орнотулган шартта жол берилет.»;
18) 518-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Укук бузуу жөнүндө иш укук бузуу жасалган жерде ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан каралат жана чечилет, эгерде:
1) ушул Кодекстин 519-беренесинде каралган жагдайлар жок болсо;
2) бул укук бузуу сот тарабынан каралууга тийиш болбосо;
3) жаза чарасы катары эскертүү колдонулса;
4) адам укук бузуу жасаган фактысын жана ага ушул жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Жаза чарасын жана (же) кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими кагаз жүзүндө же электрондук формада түзүлүүчү укук бузуу жөнүндө протоколдо (токтомдо) баяндалат, анын көчүрмөсү укук бузуучуга жеринде тапшырылат же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, мобилдик тиркемелер, электрондук почта же мобилдик телефонго СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүлөт.»;
19) 546-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Атайын техникалык, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар каражаттардын жардамы менен табылган бир эле ошол укук бузуу үчүн укук бузуу жөнүндө токтомду кайталап түзүүгө тыюу салынат.»;
20) 552-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:
«3) токтомду өзгөртүү жөнүндө;
4) укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду жокко чыгаруу жана жаңы аныктама чыгаруу тууралуу.»;
21) 563-берененин 5-бөлүгүндө «189-беренесинин 1-бөлүгүн, 193-беренесинин 3 жана 6-бөлүктөрүн» жана «449-беренесинин 1-бөлүгүн» деген сөздөр тиешелүүлүгүнѳ жараша «189, 193-беренелерин» жана «449-беренесин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 564-1 жана 564-2 беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-берененин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунда «4-бөлүгүнө» деген сөздөр «4 жана 5-бөлүктөрүнө» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене
«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2-статья. Негизги терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер колдонулат:
1) жеке мобилдүүлүк каражаты – кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жеке жүрүүсү үчүн арналган, бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар, узак күч келтирүү режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 0,25 кВттан ашпаган жана/же максималдуу ылдамдыкты 25 км/с ашык эмес жогорулатууга мүмкүндүк берген транспорт каражаты (электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар). Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо (киреге, ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык жүзөгө ашырылат;
2) жол – транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жана пайдаланылган жер тилкеси же болбосо жасалма курулуштун үстүнкү бети. Жол жүрүүгө арналган бир же бир нече бөлүктөрдү, ошондой эле жанжолду (тротуар), жол четин, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелерин, бак-дарактарды, газондорду, арыктарды жана башка сугат тармактарын жана (эгер бар болсо) бөлүштүргүч тилкелерди өз ичине камтыйт;
3) жол кыймылы – жолдордун чегинде транспорт каражаттары менен же алардын жардамысыз эле адамдардын жана жүктөрдүн ордун которуштуруу процессинде пайда болгон коомдук мамилелердин топтому;
4) жол кыймылын уюштуруу – жолдордогу кыймылды башкаруу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-техникалык иш-чаралардын жана тескөө аракеттеринин комплекси;
5) жол кыймылынын катышуучусу – транспорт каражатынын айдоочусу, мал айдоочу, жөө жүрүүчү же транспорт каражатынын жүргүнчүсү катары жол кыймылынын процессине түздөн-түз катышкан адам;
6) жол кыймылынын коопсуздугу – жол-транспорт кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен бул процесске катышуучулардын корголуу даражасын чагылдырган абал;
7) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу – жол-транспорт кырсыктарынын жаралуу себептеринин алдын алууга, алардын кесепеттеринин күчүн жеңилдетүүгө арналган иш-аракет;
8) жол-транспорт кырсыгы – транспорт каражаты жана анын катышуусу менен жолдо жүрүү процессинде жаралган, адамдар өлүмгө кириптер болгон же жаракат алган, транспорт каражаттары, курулуштар, жүктөр зыянга учураган же болбосо материалдык чыгым келтирилген окуя;
9) жөө жүрүүчү − транспорт каражатына түшпөй жолдо, жанжолдо (тротуарда), жөө жүрүүчү жолчодо же болбосо жөө же велосипед менен жөө жүрүүчү жолчодо турган жана аларда иш аткарбаган адам.
Майыптар коляскасында жүргөн адамдар; жеке мобилдүүлүк каражатын, велосипедди, мопедди, мотоциклди же башка транспорт каражатын жанында жетелеп жүргөн адамдар; чана, араба, балдар же майыптар коляскасын сүйрөп бараткан адамдар; ролик конькилерди, кыймылдаткычы жок самокаттарды жана кыймылдаткыч менен жабдылбаган башка ушул сыяктуу каражаттарды колдонуп жөө жүргөн адамдар жөө жүрүүчүлөргө теңештирилет;
10) рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты – айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багыты боюнча оң тарабында жайгашкан транспорт каражаты;
11) рулдук башкаруусу сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты – айдоочунун орду жана рулдук дөңгөлөгү транспорт каражатынын жүрүү багыты боюнча сол тарабында жайгашкан транспорт каражаты;
12) транспорт каражаты – адамдарды жана жүктөрдү же анда орнотулган жабдыктарды жол аркылуу ташууга арналган түзүлүш, атап айтканда:
велосипед – майыптардын коляскаларынан тышкары, бул транспорт каражатында жүргөн адамдардын булчуң энергиясы менен педалдардын же кармагычтардын жардамы менен кыймылга келүүчү транспорт каражаты жана ошондой эле узак күч келтирүү режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 0,25 кВттан ашпаган жана/же максималдуу ылдамдыкты 25 км/с ашык эмес жогорулатууга мүмкүндүк берген электр кыймылдаткычы да бар болушу мүмкүн;
механикалык транспорт каражаты – кыймылдаткыч менен кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаты. Термин мопедге, мотоциклге, автомобилге, электромобилге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө да жайылтылат. Термин жеке мобилдүүлүк каражаттарына, велосипеддерге жана майыптардын коляскаларына жайылтылбайт;
мопед – максималдуу конструктивдик ылдамдыгы 50 км/с ашпаган, жумушчу көлөмү 50 куб. см ашпаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же узак күч келтирүү режиминде номиналдык максималдуу кубаттуулугу 0,25 кВттан ашкан жана 4 кВттан кем электр кыймылдаткычы бар, максималдуу ылдамдыкты 25 км/с ашык, бирок 50 км/с ашык эмес жогорулатууга мүмкүндүк берген эки же үч дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты. Мопеддерге мокиктер, мотороллерлер, скутерлер, электр скутерлер жана окшош техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон башка транспорт каражаттары теңештирилет;
мотоцикл – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч болгон учурда) 50 куб. см ашкан же максималдуу конструктивдик ылдамдыгы (кандай болбосун кыймылдаткыч менен) 50 км/с ашкан каптал чиркегичи бар же анысы жок эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаты. Мотоциклдерге аккумуляторлордун массасын (электр транспорт каражаттары болгон учурда) эсепке албастан жүктөлбөгөн массасы 400 кгдан (жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттары үчүн 550 кг) жана кыймылдаткычтын максималдуу натыйжалуу кубаттуулугу 15 кВттан ашпаган трициклдер, ошондой эле мотоциклетке орноочу же мотоцикл тибиндеги рулу бар квадрициклдер теңештирилет;
өзү жүрүүчү технологиялык машиналар – тракторлор, өзү жүрүүчү жол-курулуш машиналары, коммуналдык, айыл чарба машиналары (квадроциклдер ж.б.) жана көлөмү 50 куб. см ашкан ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же максималдуу кубаттуулугу 4 кВттан ашкан электр кыймылдаткычы бар жер үстүндө рельссиз жүрүүчү башка механикалык транспорт каражаттары;
техниканын башка түрлөрү – өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын чиркегичтери (жарым чиркегичтери), өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын негизги жана (же) кошумча функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон агрегаттар, шаймандар жана жабдуулар, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө колдонулуучу техникалык түзүлүштөр (опурталдуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү кошпогондо);
13) транспорт каражатынын айдоочусу – транспорт каражатын башкарууга укугу бар адам. Жол кыймылынын эрежелеринде каралган учурларда жеке мобилдүүлүк каражаттарын, велосипеддерди башкарган, ошондой эле малды, үйүрлөрдү, чегилген, жүк артылган же минүүчү жандыктарды башкарып бараткан (айдаган) адамдар дагы айдоочуларга теңештирилиши мүмкүн;
14) электромобиль – электр энергиясынын көз карандысыз булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор ж.б.) кубаттандыруусу бар, ичинен күйүүчү кыймылдаткычсыз, бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келүүчү автомобиль;
15) электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгиси – Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактарга таандык электромобилдерди мамлекеттик каттоодо берилүүчү, ак фондогу жашыл тилке менен аткарылган мамлекеттик каттоонун номердик белгиси. Ушуну менен бирге, мындай номердик белгилер чет өлкөлүк жарандарга жана чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө берилбейт.»;
2) 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24-статья. Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) жана эсепке алуунун максаттары, шарттары
1. Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
– транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жол кыймылына катышууга жана (же) эксплуатациялоого жол берүү;
– транспорт каражаттарын мамлекеттик эсепке алуу;
– транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан кылмыштарды жана укук бузууларды табуу жана бөгөт коюу.
2. Кыймылдаткычынын көлөмүнө, максималдуу конструктивдик ылдамдыгына жана жүк көтөрүмдүүлүгүнө карабастан бардык механикалык транспорт каражаттары, ошондой эле өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, техниканын башка түрлөрү жана чиркегичтер мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жатат.
3. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алып келинген жана эксплуатацияланган бардык механикалык транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар жана техниканын башка түрлөрү транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик катталууга (кайра катталууга) тийиш.
4. Юридикалык жана жеке жактар өздөрүнө таандык болгон механикалык транспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн алардын техникалык абалына карабастан сатып алган (алган) же транспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоого) алып келүүчү милдеттенмелер келип чыккан учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда каттатууга (кайра каттатууга) милдеттүү.
5. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоого), каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда тыюу салынат:
– Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн ББ ТР 018/2011 ылайык транспорт каражатынын тибин жактыруу, шассинин тибин жактыруу, ошондой эле транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөр жок болгондо;
– ушул Мыйзамдын 16-статьясына ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган транспорт каражаттарын кайра каттоого көрсөткөндө;
– тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер көрсөтүлгөндө;
– транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аны каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан жазылган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун кесепетинен транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүн болбогондо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоочу идентификациялык белгиси бар конструкциянын курамдык бөлүгү алмаштырылганда;
– транспорт каражаты издөөдө жана (же) камакта болгондо;
– автоматташтырылган маалымат тутумунда транспорт каражатынын ээсинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт чөйрөсүндөгү (анын ичинде фото жана видеожазуу функциялары бар сертификатталган жана текшерилген атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазылып белгиленген) укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча карызы жѳнүндѳ маалымат болгондо.
Ушул статьяда көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенде, транспорт каражатын каттоого (кайра каттоого) же каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө уруксат берилет.
6. Жарандардын жеке менчигинде турган транспорт каражаты бир гана ээлик кылуучуга катталат.
7. Белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлбөгөн көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабоо жана өз убагында эсепке койбоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
8. Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) шарттары жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.»;
3) 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуунун шарттары
1. Ушул статьяда белгиленген куракка жеткен жана айдоочулук ишке чектөөлөрү же транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуу, анын ичинде ушул статьянын 3-пунктунда каралган чектөөлөр болбогон Кыргыз Республикасынын жарандары тийиштүү даярдыктан ѳткѳндѳн кийин транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуу сынактарына киргизилиши мүмкүн.
2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу төмөнкүлөргө берилет:
– кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтка чейинки дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды («А» категориясы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВттан ашкан дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналарын, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб. м чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү («В» категориясы) – «А» графасында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген үзгүлтүксүз бир жылдык стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга;
– мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб. м жогору экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү («Г» категориясы) – «А», «В» графаларында уруксат белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген үзгүлтүксүз эки жылдык стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
– кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. смдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 4 кВттан ашпаган мопеддерди («А1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. смдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВттан ашпаган мотоциклдерди (жеңил мотоциклдер) («А1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб. смдан ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 15 кВттан ашпаган мотоциклдерди («А» категориясы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– трициклдерди жана квадроциклдерди («В1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
– уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдерди («А» категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) («В» категориясы) – он жети жашка чыккан адамдарга;
– «D» категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан, бирок 7500 кгдан ашпаган автомобилдерди («С1» категориячасы) – он сегиз жашка чыккан адамдарга;
– «D» категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кгдан ашкан автомобилдерди («С» категориясы) – он сегиз жашка чыккан адамдарга;
– жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары сегизден он алтыга чейинки орундугу бар автомобилдерди («D1» категориячасы) – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары он алтыдан көп орундугу бар автомобилдерди («D» категориясы) – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан «В» категориясындагы автомобилдерди жана чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан «В» категориясындагы автомобилдерди («ВЕ» категориясы) – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган «С» категориясындагы автомобилдерди («С1Е» категориячасы) – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, «С» категориясындагы автомобилдерди («СЕ» категориясы) – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган «D1» категориясындагы автомобилдерди («D1E» категориячасы) – төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
– чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан «D» категориясындагы автомобилдерди («DE» категориясы) – төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга.
Троллейбус айдоого жыйырма бир жашка чыккан адамдарга уруксат берилет.
Ушул статьяда саналып өткөн кайсы болбосун категориянын же категориячанын бар болушу «А1» категориясындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун ырастайт.
3. Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана видеожазуу функциялары бар сертификатталган, атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде жазылып белгиленген укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча арыз ээсинин карыздары жѳнүндѳ маалыматтардын автоматташтырылган маалымат тутумунда болуусу транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.».
5-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 2-пунктунун тогузунчу жана жыйырманчы абзацтары мопеддерди, мокиктерди, мотороллерлерди, скутерлерди, электроскутерлерди жана техникалык мүнөздөмөлөрү окшош башка транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү бөлүгүндө алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемедик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Н. Жапаров