Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын «04» июну № 58/XVII-3
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы«“Каинда” футболдук клубу» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы «“Каинда” футболдук клубу» муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүү, аларды материалдык жактан стимулдаштыруу жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 291 «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясы Кайыңды шаарынын 2026-жылга жана кийинки жылдарга каралган жергиликтүү бюджетинде, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 7 040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставкадан эсептеле турган Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы «“Каинда” футболдук клубу» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын финансылык жактан камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча каражаттарды караштырсын.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмү аталган футболдук клубдун кызматкерлеринин жаңыртылган эмгек акысынын өз убагында эсептелишин жана төлөнүшүн камсыз кылсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Н. Капалов |