Редакцияот 14.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 14-апрели   № 5/3

  

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2025-жылдагы жазгы-күзгү айдап себүү, оруп-жыйуу, мал багуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2024-жылдагы жазгы-күзгү айдап себүү, оруп-жыйуу, мал багуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө айылдарынын протоколдорун карап жана Чет-Нура айыл өкмөт башчысынын баяндамасын угуп, жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2025-жылдагы жазгы-күзгү айдап себүү, оруп-жыйуу, мал багуунун тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Дың жерди айдоо 1800 сом 30 л солярка

Кара жерди айдоо 1500 сом 25 л солярка

Тырмоо 1000 сом 10 л солярка, экинчи тырмоосуна 10 л майы эле куюлат.

Сеялка 1000 сом 10 л солярка

Грабил 800 сом 10 л солярка

Пресс баардыгы ичинде 18 сомдон.

Комбайн кызматы 2500 сом 30 л солярка.

Шакап тартуу 3 л солярка 300 сом

Жадка чөп чабуу 1800 сом 10 л солярка.

Косилька 1200 сом 10 л солярка.

2.Мал багуунун баасы бодо малга 450 сом, майда жандыка 70 сом жана короонун саны майда жандыка 1200 баштан ашпашы керек.

3.Мыйзам чегинде токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.

 

 

 

  

Төрага

С. Бектемир уулу