Редакцияот 28.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  VI СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 28-апрели   № 6

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба   багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын     өлчөмүн белгилөө жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы №04-13/59 буйругу менен бекитилген «Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн» тартиби жана Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 21.04.2025-жылдагы №02.2-4/48 сандуу катынын негизинде, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX  чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Ижара акысынын өлчөмү төмөндөгү формуланын негизинде белгиленсин;

ИА¹= БСН * К, мында

ИА¹ - 1 га жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмү;

БСН – айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктын наркы;

К – сугат айдоо үчүн бирдей коэффициент;

30 – иш жүзүндөгү сугат жер;

20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер;

10 – сугаттын жоктугу.

 

2. Чет-Нура айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлери төмөндөгү көрсөтүлгөн контурлар боюнча коэффициенттер бекитилсин;

 

1)    Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылындагы 1483 контурундагы 5.2 га, Ак-Кыя айылындагы 1684 контурундагы 23 га, Чет-Нура айылындагы 402419 контурундагы 41,5 га, 454455 контурундагы 19 га, Жака учостогундагы 6 га, Орто-Нура айылындагы 2722 контурундагы 13 га, Шор участогундагы 14,5 га, Ак-Булуң айылындагы 2743 контурундагы 13,3 га жер аянттары 20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер

2)    Төш-Булак айылындагы 2225 контурундагы 10,3 га, 1283 контурундагы 30 га жер аянттары10 – сугаттын жоктугу.

 

 

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://chetnura.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 

 

 

 

 

  

Төрага

С. Бектемир уулу