Редакцияот 23.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  VII  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 23-майы   № 7/2

 

Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн Тѳш-Булак айылынын башкы суу алуучу Нарын дарыясынын   жээгинен тартып  Тѳш-Булак айылындагы   А.Акматов атындагы 1 км 700 м  узундуктагы сугат суу насостук трубасын, насостук станциясын жана 3600 м узундуктагы каналы мамлекеттик менчике алынып, Суу ресурстары  кызматынын  Нарын райондук  суу чарба башкармалыгына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ

 

«Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча  башкаруу жѳнүндѳ»   мыйзамынын негизинде Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн  Тѳш-Булак айылынын башкы суу алуучу Нарын дарыясынын   жээгинен  тартып Тѳш-Булак айылындагы   А.Акматов атындагы 1 км 700 м  узундуктагы сугат суу насостук трубасын, насостук станциясын жана 3600 м узундуктагы каналы  мамлекеттик менчике алынып, Суу ресурстары  кызматынын Нарын райондук  суу чарба башкармалыгына ѳткѳрүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап  Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин        кезексиз  VII  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн  Тѳш-Булак айылынын башкы суу алуучу Нарын дарыясынын   жээгинен  тартып Тѳш-Булак айылындагы   А.Акматов атындагы 1 км 700 м  узундуктагы сугат суу насостук трубасын, насостук станциясын жана 3600 м узундуктагы каналы мамлекеттик менчике алынып, Суу ресурстары кызматынын Нарын райондук  суу чарба  башкармалыгынын карамагына ѳткѳрүлүп берилсин

2. Токтомдун аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагына караштуу Төш-Булак айылынын айыл башчысы Т.Белековго тапшырылсын.

3.Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://chetnura.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 

 

 

 

 

  

Төрага

С. Бектемир уулу