Редакцияот 23.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  VII  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 23-майы   № 7/3

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура  айылындагы Орто-Нура айылдык маданият үйүн толук жабдуу менен камсыз кылуу жана айланасын көрктөндүрүү үчүн даярдалган долбоорду бекитүү жана сунуштоо жѳнүндѳ

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылындагы Орто-Нура айылдык маданият үйүн толук жабдуу менен камсыз кылуу жана айланасын көрктөндүрүү үчүндаярдалган долбоорду бекитүү жана сунуштоо жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап  Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин        кезексиз  VII  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура  айылындагы Орто-Нура айылдык маданият үйүн толук жабдуу жана айланасын көрктөндүрүү үчүн даярдалган долбоору жактырылып бекитилсин жана Нарын райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://chetnura.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 

 

 

 

 

  

Төрага

С. Бектемир уулу